Хулиси Акар Орусияга жөнөп кетти

Этимесгуттагы аскердик аэропорттон Аба күчтөрү командирлигине таандык учак менен Орусияга аттанды

851526
Хулиси Акар Орусияга жөнөп кетти

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар эртеңки үч тараптуу лидерлер жыйынынан мурда Орусияга жөнөп кетти.

Анкаранын Этимесгут районундагы аскердик аэропорттон Аба күчтөрү командирлигине таандык учак менен Орусияга аттанган армия генералы Хулиси Акар, Сочиде Орусиянын башкы штабынын башчысы армия генералы Валерий Герасимов жана Ирандын башкы штабынын төрагасы генерал-майор Мухаммед Бакири менен үч тараптуу жыйында жолугушат.

Эртең да президент Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусунда ушул эле Сочиде үч тараптуу жыйын өткөрүлөт.

Жыйында тараптар Сириядагы кырдаалды жана аймактыгы акыркы абалды талкуулашат.

Сириядагы жарандык согушту соңуна чыгаруу максатында Астана процессинин алкагында Сириядагы тараптарларды жолугуштурууну максаттаган Сирия элдери конгрессине жикчил террордук уюм ПККнын уландысы ЙПДнин да Орусия тарабынан чакырылышына Түркия каршылык көрсөткөн болчу.

Бул боюнча ПЙД чакырылган конгресс кечеңдетилген эле.

Жыйында ушул теманын да каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар