Эрдоган Орусияга кайра барат

22-ноябрда Орусияга кайра бара турган Эрдоган, Сочиде Түркия, Орусия жана Ирандын Сирия темасында боло турган Үчтүк саммитке катышат.

849159
Эрдоган Орусияга кайра барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кайрадан Орусияга барат.

22-ноябрда Орусияга кайра бара турган Эрдоган, Сочиде Түркия, Орусия жана Ирандын Сирия темасында боло турган Үчтүк саммитке катышат.

Саммитке Ирандын президенти Хасан Руханинин да катышуусу күтүлүүдө.

Тараптар Сириядагы акыркы абалдар жана аймактагы акыркы кырдаалды карап чыгышат.

Сириянын элдер конгрессине жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын чакырылуусу, Түркиянын каршылык көрсөтүүсүнө себеп болгон.

Каршы чыгуулар боюнча ПЙД чакырылган конгресс кийинкиге калтырылган.

Жыйналышта бул конгресстин да каралышы күтүлүүдө.

Жуманын башында Орусияда президент Владимир Путин менен ошол эле Сочиде жолуккан президент Эрдоган, 22-ноябрдагы сапарда орус кесиптеши менен бир жылда 6-жолу бетме-бет жолугушкан болот.



Тектеш кабарлар