Орус эс алуучулар үчүн Түркия биринчи орунда турат

Орусия федералдык туризм агенттигинин төрагасы Олег Сафанов Түркияга келе турган орус турист санынын дагы да артарын айтты.

840376
Орус эс алуучулар үчүн Түркия биринчи орунда турат

Орусия федералдык туризм агенттигинин төрагасы Олег Сафанов орус эс алуучуларынын өлкө тышына чыгууда тандалган өлкөлөрдүн арасында Түркиянын биринчи орунда экендигин белгилеп : «Греция, Испания, Таиланд сыяктуу өлкөлөргө да эс алуу үчүн барышууда, бирок биринчи орунда Түркия бар. Себеби бул жерде баа жана сапаттын шайкештиги сөз болууда»,- деди. Сафанов Орусия менен Түркиянын арасында дагы көп туристтин саякатка келиши үчүн визада жеңилдик беришерин билдирди.

Олег Сафанов Түркиядагы кесиптештери менен бат – бат жолугушуп, көрсөткүчтөрдү карап чыгышкандарын, 2017 -жылы бир аба жолу фирмасынын банкрот болушу жана кездешкен бир топ кыйынчылыктарга карабастан Орусиядан Түркияга келген турист санынын жакшы деңгээлде экендигин билдирди.

Сафанов жылдын акыркы эки айында да Орусиядан Түркияга турист кыймылынын улантыларын, 2018 -жылы болсо Түркияга келе турган орус турист санынын дагы да артарын айтты.

Түркиянын орус туристтердин арасында белгилүү экендиигн баса белгилеген Сафанов сөзүн төмөнкүчө улантты : «Белгилүү бир сан берүү кыйын, бирок туристтер келет. Орус эс алуучулар өлкө тышына чыкканда Греция, Испания, Таиланд сыяктуу өлкөлөргө да эс алуу үчүн барышууда, бирок биринчи орунда Түркия турат. Себеби бул жерде баа жана сапаттын шайкештиги сөз болууда. Түркияны жакшы көрүшөт. Түркиядан кийин экинчи орунду тарыхый Египет алып, Египетти зыярат кылуу тууралуу белгилүү чектерибиз бар»,- деди.



Тектеш кабарлар