Аракан маселесине чечүүчү жол табылышы керек

Түркия аракандык мусулмандарды жалгыз калтырбайт

802277
Аракан маселесине чечүүчү жол табылышы керек

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу аракандык мусулмандардын трагедиялуу окуяларына туруктуу чечүүчү жол табылышы керектигин айтты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түркия-Азербайжан-Грузиянын тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жыйынына катышкан Чавушоглу өткөрүлгөн маалымат жыйында, бүгүн аракандык мусулмандар үчүн Бангладешке бара турганын белгиледи.

Чавушоглу: «Аракан маселесине туруктуу чечүүчү жол табышыбыз керек»-деп айтып, ушул сыяктуу окуялардын буга чейин да болуп келгенин эске салды.

Ошондой эле эл аралык жамааттын Аракан маселесине көңүл буруп, бир гана Ислам дүйнөсүнүн эмес бүткүл дүйнөнүн сезимталдуу болушу керектигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министр: «Бул жерде адамзаттык трагедия бар. Сезимталдык көрсөткөн айрым өлкөлөр болду. Бул аймактагы жергиликтүү башкаруучулуктарга жардам көрсөтөбүз. Ал жердеги адамдарды жалгыз калтырбайбыз. Аракандыктар жашаган жерлердеги шарттарды көргөндө адам өтө капа болот. Учурдагы заманда адамдардын ушундай шарттарда жашашы кабыл алынгыс»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар