Түркия БУУда Израилге чакыруу салды
Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гүвен Бегеч Израилди бул багыттагы иштеринен баш тартууга чакырды.
Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гүвен Бегеч : «Израилден Харем - и Шерифке кирүүгө тоскоол болгон бөгөттөрдү жоюушу тууралуу эл аралык чакырууга кулак салышын күтүүдөбүз»,- деди. Бегеч Харем - и Шерифте статустун өзгөртүлүшү кабыл алынбай тургандыгын белгилеп, Израилди бул багыттагы иштеринен баш тартууга чакырды.
Бегеч БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн «Палестина жана Жакынкы Чыгыштагы абалдар» аттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Израиль - Палестина маселесинин аймактык жана глобалдык туруктуу тынчтыкка тоскоол болгондугун айтты.
Иерусалимдин ислам, христиандык жана еврейлик үчүн ыйык экендигин жана ушуга жараша мамиле кылынышы керектигин айткан Бегеч сөзүн төмөнкүчө улантты: «Харем – и Шерифтин үч күнгө жабылышы андан кийин каалгаларга металл дедекторлорду жайгаштыруу чечими жана мусулмандардын киришине чектөө алып келген чаралар кабыл алынгыс»,- деди.
Сирия тууралуу абалдарга да токтолгон Бегеч Түркия, Иран жана Орусиянын жол башчылыгындагы аракеттер менен акыркы мезгилде соккунун азайгандыгын айтты. Аймактагы бир тараптуу ташталган кадамдарга каршы эскерткен Бегеч : «Түркия ДЕАШ жана ПЙД/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүү боюнча чечкиндүү. Сириянын биримдигин, демографиялык түзүлүшүн жана жеринин бүтүндүгүн коркунучка сала турган бир тараптуу кадамдар кабыл алынбайт. Мүнбич жана Раккада жасалган жаңылыштыктарды кайталай албайбыз»,- деди.