Жикчил террор уюмуна карай операциялар уланууда

Мардин жана Хаккаринин элет жерлеринде абадан жүргүзүлгөн операцияларда 11 террорист жок кылынды.

768283
Жикчил террор уюмуна карай операциялар уланууда

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Мардин жана Хаккаринин элет жерлеринде абадан жүргүзүлгөн операцияларда 11 террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Мардиндин Даргечит районунун элет жеринде кыймыл кылууга даярдык кылып жаткан жикчил террор уюмунун мүчөлөрү белгиленди.

Ушул боюнча Аба күчтөрү командирлигине караштуу согуштук учактар тарабынан абадан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террор уюмунун табуу жана байкоо шаймандары менен белгиленген 8 мүчөсү жок кылынды, айрыкча 2 курал сактоочу жайы талкаланды.

Бир тараптан жикчил террор уюмунун кыймыл кылууга даярданып жатканы белгиленген мүчөлөрүнө карай да Хаккаринин элет жеринде абадан операция жүргүзүлдү.

Абадан жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында 3 террорист жок кылынып, бир үңкүр атайын ыкма менен жардырылды.



Тектеш кабарлар