Ушундай сынакта Курани каримдин окулушу абдан түшүнүктүү жана маанилүү...

Эрдоган, ТРТ-1 телеканалында көрсөтүлгөн «Курани каримди жакшы окуу» сынагынын финалына катышты.

757651
Ушундай сынакта Курани каримдин окулушу абдан түшүнүктүү жана маанилүү...
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ТРТ-1 телеканалында көрсөтүлгөн «Курани каримди жакшы окуу» сынагынын финалына катышты.

Эрдоган Анкаранын Бештепе районундагы Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн сынактын финалында сүйлөгөн сөзүндө, сынакка катышкандардын экрандардан программаны көрүп тургандарды бактылуу кылганын айтты жана элдин бул сынакка абдан кызыкканын баса белгиледи.

Программанын мазмунуна токтолгон Эрдоган, программада Курани каримдин окулушунун абдан түшүнүктүү жана маанилүү болгонун айтты.

Эрдоган сынакта 872 балл менен биринчиликти алган хафиз Мустафа Алтынга атактуу хаттат (кооздоп жазуучу) Карахисаринин Курани каримин белек кылганын айтты.

Сынак убагында сахнада турган аналойдун үстүнө коюлуп Мустафа Алтынга белек кылынган Курани каримдин өзүндөйү бар экенин айткан президент Эрдоган: «Бул да сонун шайкештик болду. Чынында Карахисари кооз жазуулары менен укмуш кооз саптарды ортого чыгарды. Кооздоосу да бир укмуш. Толук карасаңыз бирдей кооздоону көрө албайсың. Ар бир барагында башкача кооздоосу бар. Ошондуктан «жаткан жери жайлуу болсун» дейбиз жана хафиз тууганыбызга тапшырабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, 869 балл менен сынактын экинчилигин алган Шүкрү Аслыерен жана 852 балл менен үчүнчүлүктү алган Осман Бостанжыга да баалуу белектерин тапшырды.



Тектеш кабарлар