Стамбул Түркиянын мазмуну...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдун каратылышынын 564 жылдыгынан улам өткөрүлгөн ооз ачуу программасына катышты.

741210
Стамбул Түркиянын мазмуну...

 

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуттун жана мекендин тынчтыгы камсыздалганга дейре террор менен күрөшүүнүн улана турганын айтты.

Стамбулдун каратылышынын 564 жылдыгынан улам өткөрүлгөн ооз ачуу программасына катышкан президент Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Стамбулдун каратылышынын 564 жылдыгы менен куттуктап, бул кооз шаарды алып берген Фатих Султан Мехмет Хан жана куттуу армиясын таазим кылып эскергенин айтты.

Стамбул Түркиянын мазмуну экенин белгилеген президент Эрдоган: «Түркиянын 80 облусунун бардыгынын тең Стамбул менен адам жагынан жана физикалык жактан да байланышы бар. Андай болсо Стамбулду түшүндүрүү, Түркияны түшүндүрүү дегенди берет. Стамбулга кызмат кылуу, Түркияга кызмат кылуу болуп саналат»,-деп көңүл бурду.

Президент, өзгөчө Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ, ДЕАШ жана жикчил террор уюму ПКК башында турган террор уюмдарынын Стамбулга тийгизген зыяндарын жок кылып, аларды экинчи бул шаарга киргис абалга келтире турган иштерди ылдам түрдө бүтүрө тургандарын айтты.

Дүйнөнүн жүзүнүн кайрадан курулуунун кыйынчылыктарын тартканын айткан президент Эрдоган: «Түркияга жана анын витрини болгон Стамбулга бул процессте абдан маанилүү милдеттер түшөт. Биз бул абалды билгенибиз үчүн демократияда жана экономикада жаңы секирик мезгилинин даярдыктарын кылып жатабыз. Бул үчүн өзгөчө 2019-жылга дейре өтүүчү мезгилден абдан түшүмдүү пайдаланышыбыз керек. 2023-жыл максатыбыз бизди өнүккөн цивилизациялардын үстүнө чыгара турган маанилүү каалга болот. Бүгүнкү күнгө дейре болгону сыяктуу мындан кийинки максаттарыбыздын да локомотиви кайра Стамбул болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар