Түркия - Европа Биримдиги саммити өткөрүлөт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия менен Европа биримдигинин ортосунда 24 – 25 -  май күнү чоң бир саммиттин өткөрүлөрүн айтты.

724618
Түркия  - Европа Биримдиги саммити өткөрүлөт

Тышкы иштер министри Мевлют Чаушоглу Түркия менен Европа биримдигинин ортосунда 24 – 25 -  май күнү чоң бир саммиттин өткөрүлөрүн айтты. Чавушоглу : « НАТОнун негизинде 24 – 25 -  майда боло турган саммитке Европа Биримдигинин лидерлери да келет. Бул жерде сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Андан кийин чоң саммит болот, Түркия  - Европа Биримдиги саммити»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында  күн тартип тууралуу маалымат берди. Чавушоглу кээ бир европалык лидерлердин НАТО саммитинин негизинде президент Р. Т. Эрдоган менен эки тараптуу  сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалагандыгын белгиледи. Андан кийин Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда бир саммиттин өтүшү мүмкүн экендигин айткан Чавушоглу даярдыктар үчүн Европа Биримдигинен адистердин Түркияга келип  керектүү иштерди жүргүзөрүн белгиледи.

Түркиянын Европа Биримдиги менен бир маселесинин жок экендигин айткан Чавушоглу буларды билдирди: «Жөндөн жөн эмнеге душман бололу.  Европа менен бирге биздин да ишенген орток баалуулуктарыбыз менен эмнеге маселебиз болсун? Булар биздин да баалуулуктарыбыз. Демократия, адам укуктары, эркиндиктер эч кимдин менчигинде эмес. Бир гана маселе Европа Биримдигинин мамилесинде».



Тектеш кабарлар