Эрдоган 8-президент Тургут Өзалдын кабырын зыярат кылды

Эрдоганды 8-президенттин уулу Ахмет Өзал да коштоп жүрдү

714632
Эрдоган 8-президент Тургут Өзалдын кабырын зыярат кылды

Президент Режеп Тайип Эрдоган 8-президент Тургут Өзалдын кабырын зыярат кылды.

Президент Эрдоган кечээ өткөрүлгөн референдумдан кийинки биринчи сапарында, дүйнөдөн кайтканына 24 жыл болгон мурдагы президент Тургут Өзалдын кабырын зыярат кылды.

Өзалдын Топкапыдагы кабырын зыярат кылган Эрдоганды Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Стамбулдун губернатору Васип Шахин жана 8-президенттин уулу Ахмет Өзал да коштоп жүрдү.

Президент Эрдоган андан соң 1960-жылдын 27-майында болгон төңкөрүш аракетинен кийин өлүм жазасына тартылган мурдагы премьер-министрлерден Аднан Мендерес менен министрлер Фатин Рүштү Зорлу жана Хасан Полаткандын сөөгү коюлган мүрзөгө жана мурдагы премьер-министрлерден Нежметтин Эрбакандын кабырына барып дуба кылды.



Тектеш кабарлар