Түрк меццо-сопрано BBC конкурсунда финалда
Түрк меццо-сопрано Эзги Каракая BBC Кардифф дүйнөнүн эң мыкты ырчы конкурсунда финалга чыкты
705225
Анкара мамлекеттик опера жана балетинин өнөрпоздорунан меццо - сопрано Караяка Италиядан Норвегияга, Орусиядан Канадага созулган кенен бир аймактан катышкан 450 кишинин арасынан финалга чыккан 20 кишинин бирөөсү болду. Каракая конкурстун 11 – 19 - июнда Кардиффте өтө турган финалдарында биринчилик үчүн жарышат.
Конкурс BBCинин алдыңкы каналдары тарабынан түз эфирден берилет. Биринчиси 1983 - жылы өткөрүлгөн «BBCинин Кардифф дүйнөнүн эң мыкты ырчысы» конкурсу ушул күнгө чейин араларында Брин Терфел, Карита Мэттила, Дмитрий Хворостовский, Анджа Хартерос сыяктуу белгилүү өнөрпоздорду опера дүйнөсүнө алып келди.Түркиядан 2003 - жылы басбаритон Бурак Билгили менен 2015 - жылы Илкер Аржайюрек финалда жарышуу ийгилигин көрсөткөн.