Мардинде террорго каршы операциялар уланууда

«Көк» категорияда орун алган жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү 2 террорист жок кылынды.

683196
Мардинде террорго каршы операциялар уланууда

Түркиянын Мардин облусунун Нусайбин районундагы операцияда бирөө изделген террористтердин тизмесинде болгон «көк» категорияда орун алган жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү 2 террорист жок кылынды.

Губернаторлуктун жарыясында 12-февралда Нусайбин районунун элет жеринде ПККга карай баштатылган операциянын уланып жатканы билдирилди.

Операцияда террор уюмунун жогорку башкаруучуларынан 2 мүчөсүнүн алыс аралыкка атуучу куралдар менен атылганы белгиленген жарыяда, айрыкча көп сандаган жарылуучу зат жана уюмга таандык документтер табылганы маалымдалды.

Жок кылынган террористтерден бирөөнүн Мардин облусу боюнча жооптуусу экени жана Ички иштер министрлигинин изделгендер тизмесинде «көк» категорияда орун алганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар