Түркия максаттарына жетиш үчүн жолун улантат

Эрдоган,  Түркиянын бир тараптан террор менен тынымсыз күрөшүн улантып жатканда, экинчи тараптан максаттарына жетиш үчүн жолун уланта турганын айтты.

633499
Түркия максаттарына жетиш үчүн жолун улантат

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  Түркиянын бир тараптан террор менен тынымсыз күрөшүн улантып жатканда, экинчи тараптан максаттарына жетиш үчүн жолун уланта турганын айтты.

Эрдоган Катардын эмири шейх Тамим бин Ал Сани менен бирге Премьер-министрликке караштуу тобу менен турак жай салуу башкармалыгынын башчылыгы (TOKİ) тарабынан Трабзондун Акйазы аймагында салынган жана Түркиянын деңиздин бети толтурулуп курулган алгачкы стадиону болгон спорт комплексинин ачылыш аземине катышты жана элге кайрылды.

Сөзүндө дагы бир ирет «террорго жол жок» деген маалыматын берген Эрдоган, «Шенол Гүнеш» стадионунун ачылыш аземиндеги сөзүндө террор менен көрүшүүгө карай чакырыгын кайталады.

Орто эсеп менен 1,5 жылдан бери уланган террордук кыймылдардын себебинен улут кубанычын жетиштүү түрдө жашай албаганын баса белгилеген Эрдоган: «Террордун максаттарынан бири өлкөбүздү жана улутубузду негизги иштеринен, максаттарынан ажыратып, өзүнүн болбогон күн тартибине камап коюу. Биз бул тузакка түшпөйбүз. Террор менен күрөшүүбүздү үзгүлтүксүз жана чечкиндүү түрдө жүргүзүп жатканда, инвестицияларыбызды салуубузду, долбоорлорубузду ишке ашыруубузду, максатыбызды көздөй басууну улантабыз»,-деп айтты.

Террордук уюмдарга жана анын колдоочуларына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Силер канчалык террор кыймылын кылсаңар дагы, улутту эч качан бөлө албайсыңар. Алар террорду көздөй жүгүргөн сайын, менин улутум биримдикке жүгүрөт. Дагы күчтүү болобуз жана булардан бир киши дагы калбай калганга чейин күрөшүбүздү улантабыз»,-деп кесе айтты.

Эрдоган сөз сүйлөөсүнөн кийин Катардын эмири шейх Эл Тани менен бирге стадиондун ачылышын жасады. Аземде аскер жана полицияларга гүлдөр берилди. Шейиттер эскерилди. Куран окутулду. Трибунадагы миңдеген киши «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт» деген ураанды чакырышты.



Тектеш кабарлар