Стамбулдагы кол салууга каршы митингдер
Стамбулда ишемби күнү кечинде 44 кишинин өлүмүнө себеп болгон террордук кол салуу наалаттанды
Өлкөнүн төрт тарабында жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында митингдер өткөрүлүп, террор наалаттанды.
Стамбулда жарандар кол салуу аймагын зыярат кылып, террорго каршы чыгып, биримдик үчүн чогулушту. Түрдүү спорт клубдарынын күйөрмандары кол салуу болгон Vodafone Arena стадионуна карай жүрүштү.
Бомбалуу террордук кол салууларга каршы чыккан миңдеген күйөрман жарылуу болгон аймакка гвоздика ташташты.
Мардин, Бингөл, Батман, Мугла, Анталья, Кырыккалке, Анкара, Гүмүшхане, Кастамону, Чанаккале жана Османиеде да бир топ жаран колдорунда түрк байрактары менен аянттарга келишип, террорду наалатташты. Стамбулда болгон террордук кол салуу Түндүк Кипр Түрк Республикасында да митингдер өткөрүлү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын инциатив мүчөлөрү Лефкоша шейиттер эстелигинде Стамбулда болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн эскерүү салтанаты өткөрүлдү.
Тектеш кабарлар
Грециянын премьер-министри эртең Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдоган Мицотакисти борбор шаар Анкарада кабыл алат.