Жикчил террор уюмун элет жерлерден тазалоо операциялары жүргүзүлүүдө

Коопсуздук күчтөрү тарабынан Сииртте жүргүзүлгөн операцияда экөө аялдан турган 3 террорист жок кылынды.

591133
Жикчил террор уюмун элет жерлерден тазалоо операциялары жүргүзүлүүдө

Жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүү тынымсыз уланууда.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан Сииртте жүргүзүлгөн операцияда экөө аялдан турган 3 террорист жок кылынды.

Батман жана Сиирт областтык жандармерия командирликтеринин командалары тарабынан биргелеше Сиирт борборуна караштуу Гүнешли айылынын элет жерлеринде жүргүзүлгөн жана учкучсуз учуучу унаа да колдонулган операцияда террористтер менен түн ичинде катуу кагылышуу болду.

Анда экөө аялдан турган 3 террорист жок кылынды.

Тунжели жана Хаккаринин Шемдинли элет жерлеринде белгиленген буталарга абадан операция жүргүзүлүп 12 бута атылды.

Башкы штабдын жарыясында Тунжелинин элет жеринде эки башка абадан кыймыл уюштурулуп 8 бутанын таш талканы чыгарылды.

Бир тараптан Хаккаринин Шемдинли районунун элет жеринен келген маалымат боюнча дароо Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар кыймыл жүргүзүп белгиленген 4 бута жок кылынды.

Милдеттирин ийгиликтүү аткарган согуштук учактар базаларына коопсуз түрдө кайтып келишти.



Тектеш кабарлар