Качып жүргөн эки аскер Конияда кармалды

Кылмышкерлердин эки күндөн бери Конияда жүргөндөрү, Стамбулга барып ал жерден Египетке качууну пландагандары аныкталды.

552049
Качып жүргөн эки аскер Конияда кармалды

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу териштирүүнүн алкагында изделип жаткан жана качып жүргөн полковник Неби Газнели менен Мүслүм Кая Кония шаарында кармалды.

Качып жүргөн аскерлердин Конияда экенин аныктаган жана операция жүргүзгөн полиция кызматкерлери, Газнели менен Каяны Селчуклу районунун Языр кыштагында ижарага алган үйлөрүндө кармашты.

Кылмышкерлердин эки күндөн бери Конияда жүргөндөрү, Стамбулга барып ал жерден Египетке качууну пландагандары аныкталды.

Алардын аскерлерге ТРТнын имаратын басып алуу жана Стамбулда Босфор көпүрөсүндөгү элге ок аткыла деген буйрук бергендери айтылууда.



Тектеш кабарлар