Ван көлүнө "Көгүлтүр барйак"

Ван көлүнүн Аянис жээги тазалыктын символу болгон эл аралык экологиялык сыйлык «Көгүлтүр байракты» алды

530170
Ван көлүнө "Көгүлтүр барйак"

Табигый кооздуктары, булуңдары жана таза суусу менен көңүлдөрдү бурган Ван көлүнүн Аянис жээги тазалыктын символу болгон эл аралык экологиялык сыйлык «Көгүлтүр байракты» алуу ийгилигине жетишти. Шаардын борборунан 35 километр алыстыктагы Аянис жээги куму бузула элек табияты жана таза суусу менен Ван көлүндө көгүлтүр байрак алган бир гана жээк болуу өзгөчөлүгүнө ээ болду.

Тушба муниципалитети тарабынан даярдалган проектинин Түркия экологиялык билим берүү фонду тарабынан көгүлтүр байракка ылайык көрүлгөндөн киийн жээктин туризмге ачылышы үчүн иштер башталды.

Ван көлүндөгү башка жээктердин да көгүлтүр байрак алуусу үчүн аракет кылышарын белгилеген Тушба муниципалитетинин төрагасы Февзи Өзгөкче Аянис жээгинде 200 метр узундукта бир пляж жана коноктой турган жерлерди курушарын айтты.

 



Тектеш кабарлар