Түркия Бангладештеги өлүм жазасын айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда  өлүм жазаларынын коомдо араздашууларга жол ачары баса белгиленди

488967
Түркия Бангладештеги өлүм жазасын айыптады

Түркия Жамаат – и Ислам лидери Мотур Рахман Низаминин Бангладеште өлүм жазасына тартылуусун айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда  өлүм жазаларынын коомдо араздашууларга жол ачары баса белгиленип, Мотур Рахман Низаминин  мындай жазага ылайык эмес экендигине көңүл бурулду. Маалыматта өлүм жазаларынын аткарылуусунун токтотулуусу багытында Бангладеш башкаруучуларына көптөгөн жолу чакыруу салынганы да белгиленип : «Өлүм жазасы жоюлган өлкө катары өткөн күндүн жараларынын бул методдор менен айыктырала албай турганындыгын, тескерисинче бангладештик боордошторубуздун арасында кек сактоо жана жек көрүүнүн жайылуусуна себеп болорун ойлоп жатабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар