Шейит

ПККга карата жүргүзүлгөн операцияларда 4 аскер шейит болуп, 7 аскер жараланды

469931
Шейит

Мардин, Шырнак жана Хаккариде жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операцияларда 4 аскер шейит болуп, 7 аскер жараланды.

Мардиндин Нусайбин районунда улантылып жаткан операцияларда 2 аскер шейит болду. Шырнактын облустук борборунда улантылып жаткан операцияларда болсо жараланган 4 аскерден бирөөсү ооруканада каза болду.

Хаккаринин Даглыжа районунда да террордук уюмдун ок атуусу менен чыккан жарылууда 1 аскер шейит болуп, 4 аскер жараланды.

Бир тараптан Мардиндин Нусайбин районунда террордук уюм ПККга карата операцияда 4 күн мурда жараланган жандармериянын сержанты дарыланып жаткан Гүлхане аскердик медициналык академиясында шейит болду.



Тектеш кабарлар