Газпром Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым - катнаштын нормалдашуусун күтүүдө

Орус энергетика фирмасы Газпромдун Түркияга саткан жаратылыш газында андан мурда келишим түзүлгөн 10, 25 пайыздык баа төмөндөтүүнү келишимге чагылдырбашы менен Түрк агымы проектисинде алдыга жылуу болгон эмес

453531
Газпром Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым - катнаштын нормалдашуусун күтүүдө

Газпром башкаруу кеңешинин мүчөсү Олег Аксютин Түрк агымы проектисинде бир күндүн белгиленүүсү үчүн Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусун күтүшкөндөрүн белгиледи.

Орус кабар агенттиги РИА Новостиде орун алган кабарга караганда Аксютин Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу проектисине байланыштуу : «Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусун күтүүдөбүз. Карым – катнаштардын нормалдашуусунан кийин өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен процесс такталат»,- деди.

Орус энергетика фирмасы Газпромдун Түркияга саткан жаратылыш газында андан мурда келишим түзүлгөн 10, 25 пайыздык баа төмөндөтүүнү келишимге чагылдырбашы менен Түрк агымы проектисинде алдыга жылуу болгон эмес, түрк аба мейкиндигинде эреже бузган орус аскердик учагынын 24 - ноябрда атып түшүрүлүүсүнөн кийин да эки өлкөнүн жетекчилери проектидеги сүйлөшүүлөрдүн токтотулганына байланыштуу билдирүүлөрдү берген.



Тектеш кабарлар