Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-113

Түрк элдеринин адабиятынан – Азыркы Гагауз адабиятынын тарыхынан

1502270
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-113

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түрк тектүү элдердин ичинен адабияты жаңы такшалып келе жаткан Гагауз адабияты тууралуу кеп кылабыз.

250 миң калктуу Гагауз эли азыркы тапта көпчүлүгү Молдавияда, калганы Болгария, Украина, Румыния, Грецияда жашаган жана християн динин карманган түрк тектүү элдердин бири. Тилдери боюнча огуз түрктөрүнө жакын болуп түрк тилдеринин системасында огуз группасына кошулат. Ал эми адабияты боюнча башка түрк элдерине салыштырмалуу өтө жаш десек болот. Тактап айтканда, 19-кылымга чейин гагауз тилинде жазылган чыгарманы жолуктура албайбыз. Гагауздардын алгачкы чыгармалары 1810-жылы Вена шаарында жарык көргөн диний “Псалтирь” китеби болгон. Андан кийин эски грек акыны Аристофандын комедиялары гагауз тилине которулганын көрүүгө болот. Буга удаа орус акыны Пушкиндин ырлары да которулган. Качан орус генералы Мошков гагауз фольклорун чогулта баштаганда гана бул элдин чыгармачылыгы тууралуу кеп боло баштаган. 1904-жылы гагауз папасы жана агартуучуларынын бири – Михаил Чакыр өкмөткө гагуз тилинде гезит, китеп чыгаруу уруксаты үчүн кайрылган. 1907-жылы уруксат алынып Кишенев шаарында гагауз тилинде диний гезит чыга баштаган. Ушундан баштап Чакыр бир топ диний китептерди которуп жарыялаган жана “Гагауз тарыхын” жазып чыккан. Албетте, булар адабий чыгармаларга кошулбайт, бирок гагауз адабиятынын башаты деп айтууга болот. 1957-жылы гагуздарда кирил алфавитинин кабыл алынышы менен адабий чыгармалар жарыялана баштаган. Бирок дагы да болсо гагауз тилинде жазылган чыгармалар жокко эсе болгон. Буга чейин кай бир жазуучулулар өз чыгармаларын Крым Татар гезиттерине жарыялагандарын көрө алабыз. Аз да болсо 1957-жылдан баштап чыгармалар жарала баштагандыктан, гагауз элинин адабиятынын башталгыч тарыхы катары ушул жылды кабыл алууга болот. 1958-жылы алгачкы гагауз романы “Узун кербен” Дийонис Танас уулу тарабынан жазылган./// 1960-80-жылдары аралыгында гагауз тилинде отузга жакын ыр, алты аңгеме, бир-эки публицистикалык жана бир канча фольклордук чыгарма китептери жарык көргөн.

Гагауз поэзиясынын алгачкы мисалдарын эл арасында жыйналган фольклордук чыгармалардан жолуктурабыз. “Эл ичи өнөр кенчи” демекчи ошол эки саптуу, төрт саптуу элдик поэзиялардан гагауз элинин өтмүшүн, үрп-адатын, жашоо шартын жана коомдук психологиясын баамдоого болот. Кийинки акын-жазуучулардын ырларына абай салганыбызда, эски фольклордук усул менен жол улап, бирок, бул жетишсиз экени байкалып, жаңыча усулда, жаңы темада ырлар жарата башташкан. Ошол учурдун жаңылыгы колхоз-совхоз, космос тууралуу ырлар жаралган. 1957-жылы гагауз алфавитинин түптөлүшү менен 1959-жылы алгачкы “Ашыкча үндөр” аттуу энциклопедиялык китеп жарыяланган. Ушул чыгармада гагауз акын-жазуучулары менен кеңири тааныша алабыз. Алар Вани Чакыр, Алексей Тукан, Филип Попаз, Кости Фир уулу, Николай Арабачы жана Николай Танас уулу сыяктуу акындар гагауз адабиятынын алгачкы куруучулары катары кабыл алынат. 1970-жылдардан баштап поэзия жаатында коммунизм, партия, Ленин, кызыл желек сыяктуу ырлар жарала баштаган. Белгилүү болгондой эле башка совет элдери да ушул таризде ырлар жаратышкан. Гагауз поэзиясында 1985-жылдан баштап “Кайрадан куруу” доорунда “коммунизм” темалуу ырлардын орду “улуттук” деген түшүнүк менен алмаша баштаган. 1990-жылдан баштап, башкача айтканда, эгемендүү Гагауз мамлекети статусун алган соң, эне тил, эски үрп-адат, эгемендүүлүк, ата мекенди сүйүүсү сыяктуу темалардагы ырлар жаралган. Дионис Танас уулу, Николай Баб уулу, Мина Көсе, Дмитрий Карачобан, Стефан Кур уулу, Васи Фир уулу, Фёдор Марин уулу, Пётр Гагауз жана Тодур Занет сыяктуу жаңы доордун акын-жазуучулары эгемендүүлүктөн кийинки күчтүү адабий агартуучулары болуп саналат. Кылымдар бою өз эне тили көмүскөдө калып, аз гана адабий мураска ээ болгон гагауз адабияты азыркы тапта жогорудагы акын-жазуучуларынын салымы менен жандана баштаганын айтып өтүү керек. Учурда гагауз тилине, өзүлөрүнүн руханий байлыгына терең үңүлгөн доорго туш келип, башка түрк элдерине өз чыгармаларын тааныта баштаганы байкалат. Башта түркчөгө оодарылган гагауз аңгемелери жана поэзиясы азыркы тапта кыргыз-казак, өзбек тилдерине да которулуп түрк тектүү элдердин арасында да кеңири жайыла баштады.                                          Урматтуу окумандар, бүгүнкү программабызда гагауз элинин адабий тарыхынан учкай кеп болду. Бул түрк тектүү гагауз элинин чыгармаларына кызыктар болсоңуздар түркчө, орусча жана кыргызча которулган китептеринен маалымат ала алсыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар