Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-78

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан

1342922
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-78

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын алгачкы чыгарылышында - көөнө түрк элдеринин орток адабияты тууралуу кеп кылабыз.

Түрк дүйнөсүнүн азыркы учурдагы географиялык кең аймакка жайылышы узун заманды талап кылган. Монголиядан жана Кытайдын батышынан чыгыш европага чейин, Сибирден Индия жана Түндүк Африкага чейин жайылган түрк элдеринин байыркы мекени - тарыхый жазма булактарга караганда борбордук жана чыгыш Азияны көрсөтүп турат. Ал эми түрк урууларынын азыркы күнгө чейин табылган кол жазмаларынын тарыхы 6-кылымдарга барып такалат. Бул жазууларга окумуштуулар табылган жерине жараша Орхон-Енисей жазуулары деп аташкан. Орхон-Енисей жазуу эстеликтери жөнүндө сөз болгондо, демейде “Култегиндин урматына кичи жазуу”, “Култегиндин урматына чоң жазуу”, “Тонукөктүн урматына жазуу”, “Билге кагандын урматына жазуу” жана эпиграфиялар эске алынат. Аларды көркөм текст катары талдоого алган окумуштуулардын эмгектерине караганда, ошол доордо эле түрк элдеринин көркөм сөз өнөрүнүн, башкача айтканда, адабиятынын байыркылыгын байкоого болот. Байыркы түрк элдеринин адабиятынын эстеликтеринин тобу жогоруда аталган чыгармалар менен эле чектелбейт. Немец түрк таанучусу А.Ф. Габендин[1] изилдөөлөрүнө караганда, аталган жана оозеки чыгармалардан сырткары, байыркы түрктөрдө будда, манихей жана христиан адабияттарынын чыгармалары кеңири тараган. Ошондой эле ар мүнөздөгү жана жанрдагы, мисалы, медициналык, иш кагаздары, каттар, филологиялык, тарыхый, аскердик жана башка текстерди жолуктурууга болот.

Орто кылымдагы түрк элдеринин адабиятына сапар алганыбызда, таш жазуулардан кагаз жазууларга өткөндөрүн көрүүгө болот. Ислам динин кабыл алган түрк элдеринин адабий чыгармачылыкка бай доору деп орто кылымды атайбыз. Мындайча айтканда, ислам дини менен түрк элдеринин жаңы адабий нугу түптөлө баштаган. Бул жаңы адабият азыркы Кыргызстандын чегин бүтүндөй камтыган Караханийлер мамлекетинде айрыкча дүркүрөп өнүгө баштайт. Азыркыга чейин сакталып келген, ал доордун – 11-кылымдын эң маанилүү адабий чыгармалары Махмут Кашкаринин “Түрк тилинин сөздүгү” жана Жусуп Баласагундун “Кут алчу билими” чыгармалары болгон. Илим чөйрөсүндө бул эки чыгарма өтө маанилүү орундарга ээ. Муну улап 12-кылымда Эдип Ахмет Йүкнекинин “Акыйкаттардын эшиги” аттуу диний чыгармасы жазылган. Ошол эле доорлордо курандын ар кандай которулган үлгүлөрүн да көрүүгө болот. Жана да жалпыга таанымал Жазылык Кулкожо Акматтын “Диваны Хикмет” чыгармасы ушул доордогу маанилүү чыгармалардын катарында. Жазма булактардын дагы бир маанилүү чыгармаларынын бири “Огуз Каган” дастанын атоого болот. 12-кылымдардын аяк чендерин илимде Харезм-кыпчак доору деп аталган доорго абай салсак, “Пайгамбарлардын тарыхы”, “Хусрев менен Ширин”, “Мухаббат наама”, “Алгачкы кырк хадис” жана бир топ адабий чыгармаларды, сөздүктөрдү учурата алабыз. Ал эми 15-19-кылымды камтыган Чагатай доору адабиятына караганыбызда, анын адабий байлыгынын өтө терең экенин көрүүгө болот. Белгилүү Хусеин Байкаранын, Бабурдун жана аталуу Алишер Навоинин чыгармалары мына ушул доордо жазылып калган. Бул доордогу чыгармалардын көптүгүнөн илим чөйрөсүндө бул доорду өз ичинде үч доорго бөлүп карашат. Алгачкы чагатай доору, классикалык доор, классикалык доордун уландысы деп бөлүнгөн түрк элдеринин жазма адабияты орто азияны бүтүндөй каптаган. Мына булардын баары орток түрк элдеринин адабий көрөңгөсү деп билебиз. Ал эми жазма адабияттан сырткары оозеки адабиятты да сөссүз түрдө эске алуу керек. Түрк элдеринин ар биринде оозеки адабият жашап келген жана муундан муунга өткөрүлүп берилген. Көлөмү боюнча алардын эң чоңу улуу эпосубуз “Манас” “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигин айта алабыз. Мындан сырткары түрк элдеринде белгилүү “Жаратылыш”, “Огуз каган”, “Эргенекон”, “Алпамыш”, “Коркут ата”, “Көроглу”, “Сатык Буура хан”, “Сейит Баттал Гази” дастандарынын баары жамы түрк элдеринин адабий мурастары болуп эсептелет. Мына бул жазма тарыхтан бери келген орток түрк адабиятыбыз ар бир түрк элинин руханий байлыгы деп эсептөөгө болот.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түрк дүйнөсүнүн орток адабияты тууралуу учкай кеп болду. Бул жааттагы изилдөөлөр өтө көп жана дагы да изилденип келүүдө. Эгер орток түрк адабиятына кызыгуу жаралган болсо анда И. Бичурин, Ч. Валиханов, В. Радлов, В. Бартольд, С. Малов, М. Ауэзов, А.Н. Бернштам, С.Абрамзон, А. Эржиласун сыяктуу улуу окумуштуулардын чыгармаларын окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 

 



Тектеш кабарлар