Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-77

Түрк элдеринин адабияттарынын изилдөөлөрү боюнча учкай кеп.

1330876
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-77

           Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында - түрк элдеринин адабиятынын орток изидөөлөрү жана ич ара байланыштары тууралуу кеп кылабыз.

           Кадырлуу окурмандар, Түрк дүйнөсү адабиятынын орток мурасынын көрөңгөсү, 7-кылымдарда сакталып калган жазма булактарга барып такалат. Андан улап ар бир доордо түрк дүйнөсүнө таандык бай адабий чыгармаларды жолуктурууга болот. Мисалга алсак, 11-кылымда жашап өткөн Жусуп Баласагын бабабыздын “Кут алчу билими”, Кашкарлы Махмуддун “Түрк элдеринин сөздүгү”, Кул Кожо Акматтын “Казалдары”, 12-кылымда Эдип Ахмет Йүкнекинин “Акыйкаттын эшиги” чыгармасы, “Коркут ата” дастаны сыяктуу чыгармалар булардын бир канчасы гана. Кылым өтүп, доор алмашып, эл көбөйүп орток баалулуктары кеңейип ар бир түрк элинин өз тарыхы башталган. Акыркы 19-кылымдан баштап түрк элдеринин көпчүлүгүнүн жазма адабияты жаңыча усулда уланган. Ал эми тектеш түрк элдеринин бири-бирине болгон алакаларынын изилдөөлөрү 20-кылымдардын биринчи чейрегине барып такалат.

            Түркияда 1932-жылдан баштап Түрк Тил Курумунун иш чараларынын негизинде түрк элдеринин тилдери изилдене баштаган. 1961-жылы Түрк Маданиятын Изилдөө Институту курулгандан баштап түрк дүйнөсүнүн тил, адабият, тарых жана фольклоруна көңүл бөлүнгөн. Ал эми түрк дүйнөсү адабиятынан котормолордо 1990-жылга чейин Туркияда жалгыз гана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен гана чектелүү болгон. Берки тарапта, Советтер Союзунун ичинде жашаган түрк элдеринин деле Туркия адабияты боюнча билгендери Назым Хикмет сыяктуу улуу акындар менен чектелген. Ал эми алардын өз ара байланышы орус тилинде жарыяланган чыгармалары менен кабардар болуп турушкан. 1990-жылдан баштап түрк дүйнөсүнүн алакалары күчөгөн. Советтер Союзунан жаңы чыккан элде изилдөөлөр соолгун болгону менен, Туркияда түрк дүйнөсүн изилдөө курумдары, фонддор, коомдор жана университеттерде Түркология бөлүмдөрү ачылган. Туркиянын Билим Берүү жана Маданият министирликтериндеги түрк дүйнөсүнө таандык 60-ка жакын китеп чыккан. Булардын бири 24 томдон турган: “Башталгычтан бүгүнкү күнгө чейин Туркия сыртындага түрк дүйнөсү адабияттарынын антологиясы” болгон. 1991-жылдан баштап Туркияга келип билим алган жаштардын демилгеси менен түрк адабияты башка түрк элдеринде кеңири тааныла баштаган. Азыркы учурда түрк дүйнөсүн бириктирип турган ТИКА, ТҮРКСОЙ, ТУДЕВ, ТРТ-Аваз, ЙТВ сыяктуу чоң бирикмелер жана курумдар, Евразия Жазуучулар Союзу сыяктуу жеке коомдук бирдиктер жана жеке басмакана үйлөрү түрк дүйнөсүнө кызмат кылып келет. Мурункуга салыштырмалуу азыркы учурда ар бир түрк элдеринин адабиятында башка түрк элдеринин адабиятынан кабар берген окуу китептери, илимий изилдөөлөр жана макалалар кеңири жайылган. Кыргызстандагы “Жаңы Ала-тоо” сыяктуу журналдарда түрк дүйнөсүнөн чыгармалардын байма-бай оордамаларын жарыялап турат. Ошондой эле, Түркияда Евразия Жазуучулур Союзунан чыгарылган “Кардеш калемлер” журналы дагы ар түрк элдеринин чыгармаларын ай сайын жарыялап турат.

              Мындан сырткары, ар бир түрк элинин Жазуучулар Союзу менен белгилүү мөөнөттө биригип жыйын өткөрүлүп, алдыда боло турчу иш чаралар сүйлөшүлүп белгиленген котормолор которулат. Жакыңкы 2016-жылы 16-22-февралда Түркиянын маданий борбору болуп жарыяланган Эскишехир шаарында өткөрүлгөн конгрессте түрк тектүү элдерден делегациялар катышып, анда ар түрк элинин өз тилинде “Түрк элдеринин адабияты” орток сайтын ачуу демилгеси көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бул иш чара чекесинен аткарылып, 2018-жылы Евразия Жазуучулар Союзунун иш чарасы менен www.idealonline.com.tr сайтына түрк дүйнөсүнүн белгилүү журналдарынын каттамы башталган. 1991-жылдан баштап түрк дүйнөсүнүн иш чаралары жана алакалары ар тармакта бекемделип, адабий чөйрөдө да учурдун шарттары менен тез арада байланыш түзүлүп өнүгүп келмекчи.

               Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түрк дүйнөсүнүн адабий жаатындагы изилдөөлөр жана түрк элдеринин маданий байланыштары тууралуу учкай кеп болду. 1991-жылдан баштап түрк дүйнөсүнүн маданияты, тили, адабияты, тарыхы тууралуу изилдөөлөрдүн жана бул тармакта өсүп чыккан тажырыйбалуу адистердин негизинде бир топ илимий жана адабий иш чаралар өткөрүлдү, ал эми алдыда да улантыларына ишеничибиз чоң.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар