Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-74

Башкыр адабиятынан Мустай Каримдин өмүр-баяны жана “Кечирим” повести.

1323113
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-74

               Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун башкыр адабиятынын белгилүү жазуучуларынын бири – Мустай Каримдин өмүр баяны тууралуу жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

                Кадырлуу окурмандар, башкыр адабияты дегенде алгачкылардан болуп ойго келген белгилүү инсан – Мустай Карим болуп эсептелет. Башкыр эли Мустай Каримди улуттук адабиятыбыздын аксакалы деп аташат. Ал белгилүү башкыр акыны, жазуучусу жана драматургу катары таанымал. Жазуучунун толук аты-жөнү Мустафа Савич Каримов. Ал 1919-жылы Башкуртстандын Кляшево айылында төрөлгөн. 1941-жылы Башкуртстан Педагогикалык институтун аяктаган. Алгачкы чыгармачылыгын ыр менен баштаган. Анын биринчи ырлар жыйнагы 1938-жылы жарыяланып, ырларында негизинен согуш каармандарынын көрсөткөн эрдиктерин, трагедияларын жана алардын сүйүүсүн таамай чагылдырган. Мустай Карим кийин ырларын улап эң көп окулган аңгеме-повесттерин жана драмаларын жараткан. Анын чыгармачылыкка арналган өмүрүндө жыйырма чакты ыр жыйнагы, эки романы, төрт повесть жана аңгеме китеби, жети драма жана бир эскерүү китептерин чыгарган. Жазуучу чыгармачылыгынын жанында коомдук ишмер катары да таанымал. Мустай Россия Федерациясынын вице-спикери, Башкуртстан Жазуучулар Союзунун төрагасы жана Россия Федерациясы Жазуучулар Союзунун башкаруу комитетинин мүчөсү болуп кызмат өтөгөн. Анын ак эмгеги үчүн жана Советтер Союзунун эң күчтүү калемгерлердин бири катары Советтер Союзунун жогорку даражадагы медалы – “Эмгек Баатыры” жылдызы ыйгарылган. Мындан сырткары Башкуртстандын “Салават” мамлекеттик сыйлыгы, Россия Федерациясынын “Максим Горький” сыйлыгы, Советтер Союзунун мамлекеттик сыйлыгы жана “Ленин” сыйлыктарына татыктуу болгон. Анын аты өлбөс-өчпөс ордун таап окурмандарынын жан дүйнөсүндө жашап келет. Жазуучунун чыгармалары киного тартылып жана спектаклдерде көрсөтүлүп жүрөт. Мустай Каримдин аты Уфа аэропортуна, Улуттук Жаштар театрына, №158 Башкыр гимназиясына, борбордук бульварга, көчөлөргө, Кавказ кырка тоолорундагы чокуга жана китепканага ыйгарылган. Жазуучу 86 жашында 2005-жылы көз жумган.

              Мустай Каримдин ырлары менен бирге повесттери да көп окулган чыгармалар арасына кирген. Китептеринин негизги мазмуну көбүнчө согуш тууралуу болгон. Анткени ал өзү дагы согушка катышып, ачуу чындыкты өзү таткан жазуучулардын бири. Анын “Кечирим” аттуу повестинде 2-дүйнөлүк согуштун кыйынчылыгын, трагедиясын чындыктан алып таамай сүрөттөгөнү үчүн окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Окуя согуш майданында өтөт. Бул чыгарма катардагы солдат Любомир Зухтун тагдыры, сүйүүсү жана өлүмү тууралуу баяндан турат. Согуш маалында Любомир Зух тартиптен сыртка чыгып уруксатсыз аскердик машинаны алып, сүйгөнү Мария менен коштошуу үчүн коңшу айылга айдайт. Бирок жолдо бирөөнүн үйүнүн дубалын кокустан сүзүп алат. Үй ээси аскердин үстүнөн арыз жазат. Негизги трагедия мына ошондо башталат да, ага аскердик тартипти бузганы үчүн “дезертир” күнөөсү тагылат. Бирок Любомир Зух эч качан качам деп ойлобогон, аскерде эрдик көрсөткөн, акыркы мүнөтүнө чейин Берлинди багындырып алууну көздөгөн мыкты аскерлердин катарында болгон. Тагдырдын тамашасы аны мүңкүрөтүп душмандын колунан эмес өзүнүн достору тарабынан атууга кетет. Анткени согуш учурундагы эң катуу кылмыш согуштан качуу болуп, анын кечирими жок болуп өлүм менен жазаланган. Бирок, жогору жактан Любомир Зухтун кечирилгени тууралуу жазылган буйрук, тилекке каршы бир канча саатка кеч калган эле. Бир канча саат мурун өзүнүн жакындары тарабынан өлүмгө буюрулган. Күнөөсүз жерден күнөө тагылып өлүм жазасына тартылган аскердин күнөөкөрү ким эле? Аскердин үстүнөн арыз жазган Бурёкинби, өлүм жазасын буюрган капитан Казаринби, чечим чыгарган полк комиссары Зувковбу, буйрукту аткарган Хамичукпу же сүйгөнү Мариябы? Чындыгында адамдык сапаттын экинчи орунга коюлушунун себеби согуш тартибинин бекемдиги, аскердик күчтүн катаалдыгы менен каргашалуу согуштун күнөөсү. Жогорудагы окуяга катыштыгы бар ар бир адамдын жашоосундагы эң коркунучтуу эскерүүлөрү, каргашалуу согуш эмес эле, өз аскеринин адилетсиздик жол менен өлтүрүлүшү болгон. Алар эч качан тынч уктай алышпайт, аларга ажал келгенге чейин бул кылган күнөөлөрүн унута алышпайт жана кечирим да сурай алышпайт.

              Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда башкыр адабиятынын белгилүү жазуучусу Мустай Каримдин чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Башкыр элинин адабиятына кызыктар болсоңуз, анда бул эмгек сиңирген улуу жазуучу - Мустай Каримдин китептерин барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар