Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-73

Ирак-түркмөн адабиятынан Хашим Касым Салихинин чыгармачылыгы жана “Фериде” аңгемеси.

1315016
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-73

                     Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун Иракты байырлаган керкүк түркмөндөрүнүн адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда керкүк-түркмөн элинин белгилүү жазуучуларынын бири – Хашим Касым Салихинин чыгармачылыгынан жана анын “Фериде” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.

                     Кадырлуу окурмандар, жалпы түрк элдерине таанымал кылымдан кылымга аттары жаңырган Несими, Фузули, Ахди, Рухи, Гариби, Шейх Рыза, Кабил сыяктуу чыгаандар азыркы Ирак аймагында төрөлүп- өсүшүп, түрк дүйнөсүнүн маданий көрөңгөсүнө чоң салым кошушкан улуу акын-жазуучулардан болуп эсептелишет. Бул аймакта орто кылымдан бери өнүгүп келген күчтүү адабий таалим тарбия менен бир топ белгилүү акын-жазуучулар чыккан. 19-кылымда биринчи дүйнөлүк согушка чейин өсүп-өнүгүп келген керкүк адабияты 1918-жылдан баштап өзгөрүүгө туш болгон. Эски адабий калыптан чыгып жаңыча өнүгө баштаган. Өзгөчө 1950-жылдары адабий ийримде жөнөкөй тил менен жазылган чыгармалар көбөйгөн. Бул жаңычыл адабий агымдын баштоочуларынын бири - жазуучу Хашим Касым Салихи деп айта алабыз. Ал керкүк адабиятында төбөсү көрүнгөн азыркы адабиятчылардын бири. Жазуучу 1927-жылы Керкүктө төрөлгөн. Алгачкы жана орто мектепти ошол эле туулган жери Керкүктө аяктаган. Андан кийин Багдаттагы мугалимдер институтун бүтүрүп өз жеринде мугалим болуп иштеген. Ал эми жогорку окуу жайын Мустансыриййе университетинде психология бөлүмүн аяктап 1980-жылга чейин билим берүү министрлигинин инспектору катары кызмат өтөгөн. Хашим Касым Салихи учурдагы ирак-түркмөн адабиятынын проза жанрынын негиздөөчүлөрүнүн бири деп айтууга болот. Анын чыгармалары реалдуу турмуштан алынып жазылып, коомдук көйгөйлөргө басым жасалган. Аңгемелеринде элин алдыга үгүттөп, жаман адаттардын артка тартаарын көрсөтүп акыл-насаат бергени байкалат. Чыгармаларында айтылган окуялар жөнөкөй тил менен жазылганы үчүн көпчүлүк тарабынан окулуп, окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Жазуучунун “Алгачкы кадамдар”, “Эскерүү дептеринен” жана “Алардын аңгемелери” аттуу китептери белгилүү. Ал 2015-жылы бул дүйнөдөн кайткан.

                     Хашим Касым Салихинин чыгармаларындагы каармандары күндөлүк турмуштан алынып, алар аркылуу жашоонун жакшы тараптары, марттыктын, адамкерчиликтин жана билимдин күчү бааланып жазылган. Анын “Фериде” аттуу аңгемесинде башкы каарман Фериденин оор турмушу сүрөттөлөт. Атасы ооруп фабрикадагы ишинен чыгып калат. Бир канча күндөн кийин бул дүйнө менен кош айтышат. Анын аркасынан энеси дагы оору менен көз жумат. Бул дүйнөдө жалгыз калып, карыздарына үйүн берип, үйсүз-барксыз калган Фериде эне-атасынын аркасынан кетүүнү самайт да дайрага бой таштоону ойлонот. Бирок чөйрөдөгү жакшы адамдар тарабынан куткарылып, жолдо кетип бара жаткан адвокат Махмуд Рүшти мырза аркылуу ооруканага жеткирилет. Кызга зээни кейиген Махмуд Рүшти мырза кызы катары багып алууну көздөп, жубайы менен кеңешет да үйүнө алып барат. Башынан тыкан, таза жана зирек болгон Фериде үй жумуштарын үзгүлтүксүз жасап, үйгө нур алып келет. Бирок Махмуд Рүшти мырзанын аялынын корс мүнөзү кызга да залакасын тийгизе баштайт. Күн өткөн сайын үйдөгү абал оорлошуп Фериденин жашоосу тозокко айлана баштайт. Ар бир ишин так аткарса да “жумурткадан кыр издеген” кожойке күндөрдүн биринде Феридени тажаалданып үйүнөн кууп чыгат. Дүйнөсү карарган Феридени ошол маалда ажал тооруп машина сүзүп кетет. Окуядан кеч кабар алган Махмуд Рүшди ооруканага барганда жетишпей калган болот. Бул дүйнөдөгү таза, күнөөсүз Фериде кызы көз жумган эле. Махмуд ошондо жашоонун адилетсиздигине наалат айтып көз жашын төгөт. Бул чыгармада үй-бүлөлүк психология абдан жакшы сүрөттөлүп, жамандык менен жакшылык салыштырылып жана зулумдук ашкереленип жазылган.

                       Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда ирак-түркмөн адабиятынан кабардар болдуңуздар. Жазуучу Хашим Касым Салихинин чыгармалары бир топ тилге которулган. Эгерде керкүк адабиятына кызыктар болсоңуздар анда жазуучунун китептерин барактап чыгууңуздарды сунуштабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар