Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-72

Азербайжан адабиятынан Байрам Байрамовдун чыгармачылыгы.

1310891
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-72

                    Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун азербайжан адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда азербайжан элинин белгилүү жазуучуларынын бири Байрам Байрамовдун чыгармачылыгынан кеп салабыз.

                     Кадырлуу окурмандар, Салман уулу Байрам Байрамов азербайжан элинин көрүнүктүү жазуучусу жана мамлекеттик ишмер катары таанымал. Байрам Байрамов 1918-жылы Азербайжандагы Агдам районунун Шихавент айылында жарык дүйнөгө келген. 1938-жылы ошол эле Агдам районундагы педагогикалык техникумду аяктап, Тертер районундагы мектептерде мугалим жана мептеп директору болуп иштеген. Ал каргашалуу 2-дүйнөлүк ата мекендик согушка да катышып, жараат алып мекенине кайткан. 1945-1950-жылдары Азербайжан Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктаган. Мындан соң Китепканачылык техникумунда мугалим жана Радио берүү башкаруусунда редакторлук кызматтарын өтөгөн. Мындан сырткары, “Азербайжан” гезитинин редактору, Азербайжан жазуучулар союзунун жана мамлекеттик басма комитетининин кеңешчиси сыяктуу маанилүү кызматтарда иштеген. Ал эми жазуучунун чыгармачылыгы 1950-жылдары “Азербайжан жаштары” аттуу гезитке чыккан “Көрдү” аттуу аңгемеси менен башталган. Ушул башатынан кийин бир топ чыгармаларын жазып жарыялай баштаган. Байрам Байрамов азербайжан адабиятынын проза жазуучуларынын үчүнчү жаңычыл муундарынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аны реалдуу түрдө жазылган аңгеме, роман жана дастандардын устасы деп аташат. Проза жазуу жаатында 1970-1980-жылдары Байрамовдун атын көп угууга болот. Анын “Жалгыз киши”, “Сенсиз”, “Үч түн, үч күн”, “Шаардан келген кыз”, “Кербен жолу” сыяктуу элге кеңири таралган повесть жана романдары бар. Анын элине жана маданиятына кылган кылган кызматы үчүн “Ардак ордени”, “Элдердин достугу” сыйлыгы, “Улуу ата мекен эмгеги” сыйлыгы жана башка бир топ медалдар менен сыйланган.

                      Байрам Байрамов чыгармаларында ар кыл тематикада реалдуу жашоодон алып жазган. Ошентсе да жазуучунун негизги темалары – жөнөкөй калктын эмгегин, байлыкты, барчылыкты-жокчулукту, адамкерчиликти жана сүйүүнү камтыйт. Каармандары аркылуу жакшы менен жамандын айырмасын, өз элинин ичиндеги коомдук маселелерин кылдат сүрөттөгөн улуу жазуучу деп айттуга болот. Анын чыгармалары кызыгуу жаратып бир топ тилдерге да которулуп окулуп келет. Жазуучунун “Кербен жолу” аттуу романы азербайжандын улуу жазуучусу Жалил Мехметкулузаденин жубайы Гамид ханым Жеванширге арналган тарыхый темалуу көлөмдүү чыгармалардын бири. Ал эми “Ташсыз шакек” аттуу китебинде бир топ аңгемеси жарыяланган. Бул китебинде согуштун кыйынчылык күндөрүн, тылда иштеген карапайым адамдардын жашоосун, чабандардын, мугалимдердин, мамлекеттик ишчилеринин психологияларын мыкты элес менен жазган. Жазуучу чыгармаларында ошондой эле элге кылган кызмат менен эл эмгегин жегендерди таамай сүрөттөп коомчулуктун жакшы жаманын көп салыштырган. Азыр анын чыгармалары мектептик программада жана университеттерде окутулуп келет. Байрам Байрамов активдүү коомдук ишмер катары дагы белгилүү. 1989-1992-жылдары Карабахка элдик жардам комитетинин төрагасы, 1990-жылы Азербайжан Жогорку кеңешине депутат болуп шайланган. Жазуучу 1994-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын “Мен сулуу эмесмин”, “Ферангиз” жана “Анын сүйүүсү” аттуу чыгармалары көпчүлүккө жагып, кино тасмага да түшкөн. Жазуучу келечек муунга  жыйырма төрт китебин жазып калтырган.

                        Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда азербайжан адабиятынан кабардар болдуңуздар. Байрам Байрамов азербайжан адабиятында көп окулган жазуучулардын катарына кирет. Эгерде азербайжан адабиятына кызыктар болсоңуздар анда жазуучунун китептерин барактап чыгууңуздарды сунуштабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар