Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-71

Хакас адабиятынын белгилүү жазуучусу Илья Топоевдин чыгармачылыгы.

1310293
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-71

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун хакас адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда азыркы хакас адабиятынын белгилүү жазуучусу Илья Топоевдин чыгармачылыгынан жана анын “Тоң” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.  

   Кадырлуу окурмандар, түштүк Сибирде жашаган хакас элинин адабияты 1920-жылдан бери калыптана баштаган жаш адабият десек болот. Ошол учурдан бүгүнкү күнгө чейин хакас тили жана адабияты бир топ жаңы кадамдарды басып өттү. Азыркы учурда “тилдери жоголуу коркунучу” астында турган хакас элинин тилин эркин колдонгон жана урпактан урпакка жеткире турган адабиятчыларга муктаж. Мына ушундай тилге чебер хакас жазуучулардын бири - Илья Топоев. Ал өзүнүн чыгармаларында коомчулуктагы окуяларды мыскыл жана тамсил түрүндө жазып таанылган. Хакастын дагы бир жазуучусу Анатолий Сультреков, хакас жазуучулары тууралуу маегинде мындай дегени бар: “Хакасияда алдыңдан чыккан бирөөгө “Илья Топоев деген ким?”- деп сураганда, дароо жүзү жылмая түшөт.” Бул абал - Топоевдин мыскыл чыгармаларынын кеңири таанымал экенин жана окурмандардын дээрлик көбүнүн жактырганынан кабар берет. Топоев 1954-жылы Хакасияда Хызыл Агбан айылында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы мектепти айылында бүтүрүп, кийин университетти борбор шаар -Абакандагы Педагогикалык институнда баштаган. Анын окууга болгон дилгирлигин жана талантын байкаган мугалимдери бир жылдан кийин Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтуна жөнөтүшөт. Беш жылдык билим алуудан кийин 1982-жылы Абаканга кайтат. Ошол жылдан баштап “Ленин жолу” гезитине чыгармаларын байма-бай жарыялай баштайт. Топоевдин азыркы күнгө чейин жарыяланган төрт аңгеме китебинин жанында, “Хакас жери” гезитинде, “Ак тасхыл” жана “Хан тенгир” адабий журналдарында, окуу китептеринде жарыяланган бир топ хакас аңгемелери жана пъесалары бар. Аңгемелери орус тилине да которулуп, ар түрдүү орусча гезит-журналдарга жарыяланып келет. Илья Топоев азыр дагы талыкпай эмгектенип, “Хакас жерине” аттуу хакасча басылган жалгыз гезитке макалаларын, репортаждарын, кыска аңгеме жана пъесаларын жарыялап келет. Ал, учурда Россия журналисттер уюмунун, Россия театралдык иш-чара уюмунун, Россия жазуучулар союзунун мүчөсү. Хакасия элинин маданиятына эмгек сиңирген жазуучусу наамына ээ болгон. Жергиликтүү бир топ грамота жана сыйлыктардын ээси. Анын чыгармалары түркчөгө да которулуп окурмандары тарабынан баа берилип окулуп келет.

 Топоевдин “Тоң” аттуу аңгемеси мыскыл түрүндө жазылган чыгарма болуп эсептелет. Аңгемеде Лондон, Париж сыяктуу Европанын чоң чоң шаарларын Сибириядагы өз шаарына салыштырып жазат. Жазуучу, Европанын жетишкендиктерин, эгер кар жааса Сибирядагыдай тоңголок болбой тазаланып тураарын суктануу менен сүрөттөп өтөт. Аңгемеде жаңы жыл учурунда башкы каарман Аңзаа аттуу киши сүйүктүүсүнө белек алганы чыгат. Жолдо оюу менен алпурушуп бара жатып буту тайып жыгылып түшөт. Эти ооруп калган Аңзаанын жаны кашайып үйүнө кайтат да өкмөткө нааразычылык катын жазат. Ал катта жолдун тазаланып туруусун, эгер туристтер келип кокустук болуп жыгылып жараат алса анда эл аралык байланышка доо кетээрин эскертип өтөт. Ал кат почто кутучасына түшөт. Почтоочу ал катты алып мэрияга жеткиргенче арадан бир ай өтөт. Акимге жеткен кат окулуп, тийиштүү тазалоо бөлүмүнө билдирилет. Тазалоо бөлүмү катты окуп тийиштүү жердин бир ай ичинде тазаланышы керектиги тууралуу чечим чыгарат. Тазалоочу кызматкерлер бул катты бир топ күндөн кийин алышат жана бир ай ичинде аймактык тазалоо бөлүмүнө жөнөтүшөт. Аймактык тазалоо кызматкерлердин шефи катта жазылгандай бир ай бар экенин окуп каамырабай тазалоо буйругун кеч берет. Акыркы тазалоочу кызматкер бир ай бою көзүн ачпай ичип жүрүп соолукканда жолго кум себүүнү эстейт да белгиленген аймакка барат. Бирок эчак жаз кирип, чымчыктар сайрап калган болот.

    Жазуучунун мыскыл менен жазылган бул чыгармасы, коомчулуктагы жана бийликтеги адамдардын кайдыгерлигин мыскыл тил ашкерелеп жазган.                    

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда хакас адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде Илья Топоевдин “Тоң” аттуу бул аңгемесин окуңуздар келсе, жазуучунун орус жана түрк тилдерине которулган китептерин сунуштабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар