Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-66

Кыргыз адабиятынан Бердибек Жамгырчиевдин чыгармачылыгы

1300835
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-66

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын азыркы кыргыз адабиятынын белгилүү жаш акыны Бердибек Жамгырчиевдин өмүр-баянынан жана анын поэзиясынан кеп салабыз.

                     Кадырлуу окурмандар, соңку жылдары кыргыз адабиятынын поэзия жаатында курч калеми менен таанылган жаш акындардын бири – Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович. Анын ырлары учурда элдин купулуна толуп, эл ичинде да, эстрада да ырдалып кеңири таанылып келет. Жаш акын бар болгону быйыл отуздун гана кырында. Бирок “Акыл жаштан, асыл таштан” – демекчи, жаш акындын чыгарган ырлары 300гө жакындап калган учуру. Алгач акындын өмүр баянына токтоло кетсек, ал 1987-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. 2005-жылы орто мектепти бүтүргөн соң Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2007-жылы "Биз таланттарды издейбиз"- аттуу жалпы университеттер аралык конкурста 1-орунду алган. Студенттик кезинде эле ырлары "Супер-инфо" баштаган бир топ популярдуу гезиттерге, журналдарга чыккан. 2011-жылдан 2014-жылдарга чейин "Түнкү Белес" радиосунда алпаруучу болуп эмгектенген. 2011-жылы Кыргыз радиосу уюштурган "Таланттар таймашы" - конкурсунда баш байге Гран-Приге ээ болгон. 2013-жылы Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан "Жылдын мыкты жаш акыны" наамына ээ болуп, "Алтын калем" диплому менен сыйланган. Ошол эле жылдын май айында "Жүрөктө калган бир ысым" - аттуу алгачкы поэтикалык китеби чыккан. 2014-жылы Санжыра радиосунан "Сөз бермети" номинациясы боюнча 1-орун, ал эми Фейсбукстан тандоосу боюнча "Жылдын мыкты акыны" наамын алып, диплом жана медаль менен сыйланган. 2015-жылы Жолон акындын 75 жылдыгына арналып, Жолон Мамытов атындагы коомдук фонду уюштурган "Поэзия муундарды бириктирет"-аттуу конкурста "Жүрөктө калган бир ысым"-китеби эң мыкты поэтикалык китеп деп табылып 1-орунду алган. Ошол эле жылдын декабрь айында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгында Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болуп табылган. 2016-жылдын 12-декабрь адабият күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Ошол эле жылы мавлюд кечесине арналган "Сенден алдык үлгүнү оо Мухаммед" аттуу конкурста "Мухаммед акыреттин күзгүсү" аттуу ыры 1-орунга ээ болгон.  2017-жылы Мамлекеттик Тил комиссиясы уюштурган "Менин энем"-аттуу республикалык конкурста "Эне жүрөгү"-аттуу ыры калыстар тобунун чечими менен Гран-Приге ээ болуп, сыйлыкты ошол кездеги Тил комиссиясынын төрагасы, маркум Эгемберди Эрматов тапшырган. Ошол эле жылы "Бейне-өнөр" коомдук фонду уюштурган конкурста махабат ырларынан турган "Сезим күүсү" номинациясы боюнча жеңүүчү болуп 1-орунду алган. 2018-жылы Мамлекеттик Тил боюнча Улуттук комиссиясынын чечиминин негизинде  мамлекеттик тилге кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган. 2019-жылы акын, таланттуу котормочу, Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналып Ош шаарында өткөн "Жаш акын-жазуучулардын 2-республикалык фестивалынын лауреаты" болуп табылган.

          Кыргыздын залкар эл акыны Сооронбай Жусуев 2013-жылы көзү тирүү кезинде акындын китебин толук окуп чыгып "Жаш акын эмес маш акын" деген макала жазып, ал бир топ гезит-журналдарга жарыяланган. Ошол макалада Сооронбай агай жаш акынга терең ыраазы болуп, анын алгачкы эле китебинин эң жогорку деңгээлде жазылганына баа берген. Акындын ырларынын тематикасы ар кылда жазылып, негизинен, ата мекен, сүйүү жана патриоттук сезимдеги ырлары абдан таанымал.

"Мен кыргызмын, Кыргыз деген жаным бар,

Көкүрөктө намысым бар, арым бар.

Алп Манастын учкунунан тутанган.

Жүрөгүмдө өчпөй турган жалын бар" деп, патриоттук сезимдеги “Мен кыргызмын” аттуу ырында жазган болсо, дагы бир “Адамдын адам болушу кыйын” аттуу ырында:

“Бөксөргөн көңүл толушу кыйын,

Кыялың учса конушу кыйын.

Айтматов сөзү жүрөктөн кетпейт,

Адамдын адам болушу кыйын” – деген философиялык ой-толгоосун жүргүзөт. Ыр дүйнөсүндө акын бирде балалыгына кайрылса, бирде табиятка суктанган сүрөткер, а бирде махабатка, сүйүүгө болгон ашыктык ыр саптарын окурмандарына тартуулайт. Анын “Балалыкка”, “Апама”, “Күз кечи”, “Көл жана сен”, “Сезимдеги санаа”, “Сүйүү”, “Жан эркем” айтор, айта берсе жазылчу бир топ керемет ырлары белгилүү. Акын деген ким жана кандай акын болуу керектигин дагы ал ыр саптарында төмөнкүчө баалайт:

Акын болсоң доошун уккун көктөмдүн,

Акын болсоң ыйла, толгун, бөксөргүн.

Көөдөн менен көрүп туюп дүйнөнү,

Бүт баардыгын жүрөгүңдөн өткөргүн.

Акын Бердибек Жамгырчиевдин адабиятка, поэзияга кошкон салымы чоң деп айтууга болот. Анын учурда үч жүздөй ыры жазылган болсо, мунун жыйырма чактысы эстрада жаатында ырдалып келет.

           Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда белгилүү жаш акын Бердибек Жамгырчиевдин чыгармачылыгына күбө болдуңуздар. Анын ырлары казак, өзбек, түрк тилдерине которулуп келет. Мындан сырткары бир канча обондуу ырлардын автору болгон акындын "Жүрөктө калган бир ысым" аттуу ыр жыйнагын барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар