Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-65

Өзбек адабиятынан Мирмухсиндин чыгармачылыгы

1298780
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-65

                           Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун азыркы өзбек адабиятынын өкүлү, белгилүү жазуучу Мирмухсиндин өмүр-баянынан жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

                            Кадырлуу окурмандар, өзбек элинин белгилүү жазуучусу жана акындарынын бири Мирмухсиндин чыгармалары көп окулган китептердин арасына кошулуп келет. Ал “Үмүт”, “Устанын баласы” сыяктуу романдары менен окурмандарына кеңири таанылган. Жазуучу Мирмухсиндин өмүр-баянына кайрыла кетсек, ал 1921-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктандан кийин Ташкент педагогикалык институтуна тапшырган. Чыгармачылык жолу да мына ушул институтта окуп жүргөндө башталган. 1936-жылы “Шераалынын марттыгы”, “Алоолонгон балээлер” сыяктуу аңгемелери, 1939-жылы “Кемер” аттуу дастаны жарыяланган. Кийин Өзбекстан улуттук радиосунда жана “Мүштүм”, “Шарк йулдузу”, “Гүлистан” сыяктуу гезит-журналдарда башкы редакторлук ишти аркалаган. Мындан сырткары Өзбекстан Жазуучулар Союзунда катчы болуп да иштеген.  Мирмухсиндин өзбек адабиятына кошкон салымын эки түрдө кароого болот. Биринчиси, көп жылдар бою “Шарк йулдызы” жана “Мүштүм” журналдарын талапка ылайык чыгарып мыкты иштеткен. Кийинкиси, ал өзбек поэзиясы жана прозасына жаңы агым менен эмгектерин жазып калтырган. Анын адабиятка болгон ышкысын, кесиптеши, адабиятчы Мирвалиевдин “үч жүздөн ашуун китеп” жазганы тууралуу маалыматы тастыктап тургандай. 50-90-жылдар аралыгында анын тандалма чыгармаларынан бир топ жолу басылып чыкканы маалым. Анын чыгармалары тууралуу дагы бир топ илимий изилдөө эмгектери жазылган. Ошондой эле Мирмухсиндин эмгектери окуу китептерине да киргизилген. “Мээрман”, “Куттуу талаалар”, “Фергана”, “Атуулдар”, “Жүрөк жана философия”, “Лирикалык ырлар” сыяктуу ыр китептеринде ата мекендин күчүн, элдин достугун сүрөттөгөн. Анын “Лауза каргашасы”, “Айга учуу”, “Мекендин кызы”, “Уста Гыяз”, “Жакшы кыштак”, “Айша эже”, “Абдулла Небиев”, “Небере” сыяктуу дастандары учурдун эң жакшы азыркы жана тарыхый чыгармалары деп табылган.

 Мирмухсиндин ысмы поэзия жаатына караганда, проза түрүндө жазыган чыгармалары, романдары менен таанылган. Анын 1954-жылы “Зияд менен Эдибе” аттуу ыр түрүндө романы чыгып, өзбек адабиятында жаңы агымды баштаган. “Ак мрамор”, “Күң” аттуу повесттери менен өзбек элинин өтмүштөгү кыйын жашоо-турмушу, адилетсиздигин жазып чыккан. “Жамыйла” аттуу повестинде болсо совет доорундагы жашоону, коомдун турмушун, жаңычыл жашоонун ырахатын сүрөттөйт. Ал эми жазуучунун романдарына келсек, ал тарыхый жана учурду сүрөттөгөн бир топ чыгарма жараткан. Өзгөчө, “Үмүт” аттуу романы комчулукка кеңири таанымал. Бул романында бир жаш өзбек аалымынын жашоодо өз ордун табыш үчүн, жана тура жашаш үчүн кылган аракети сүрөттөлөт. Мындан сырткары өзбек элинин үй-бүлө түзүлүшү, алардын психологиялык жагдайлары, өзбек коомчулугунун социалдык турмушу абдан жакшы сүрөттөлгөн. “Устанын уулу” романынан кийин, дагы бир кызыктуу эмгеги деп эсептелген “Инженер” романы жарыяланган. Анда Тимур доорун жөнөкөй тил менен кызыктуу баяндап, ошол учурдун устасынын каргашалуу жашоосун мыкты сүрөттөгөн үчүн ийгилик жараткан чыгармалардын арасына кирген. Ушул романдарына таянып өзбек кино тасмасы да тартылган. Мирмухсиндин 80-жылдардан баштап бир топ романы жарык көрдү. Булардын ичинен “Чаткал жолборсу”, “Жылдыздар жана жалбырактар”, “Тимур Мелик”, “Жыландын өчү”, “Туран Меликеси” чыгармаларын айтууга болот. Анын “Тимур Мелик” романында Түркстан тарыхынын негизги доорундагы Чыңгыз хандын чабуулу жана буга каршылык берип эрдиги менен таанылган Тимур Меликтин согушу сүрөттөлгөн. Мирмухсиндин китептери совет доорунда негизинен бардык совет элинин тилине которулган. Муну менен бирге Египед, Англия, Түркия жана башка өлкөлөрдө китептери жарыяланып окулуп келет. Мирмухсин Өзбек совет адабиятына кошкон салымы үчүн “Өзбекстан Эл Жазуучусу” наамына жана “Хемзе Мамлекеттик” медалына татыктуу болгон. Ал 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда азыркы өзбек адабиятынын белгилүү жазуучусу Мирмухсиндин чыгармачылыгына күбө болдуңуздар. Анын чыгармалары, романдары орус тилинен башка бир топ тилде басылып чыккан. Эгерде толук маалымат алгыңыздар келсе орус тили жана түрк тилдеринин ичиндеги булактардан окуй аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар