Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-64

Казак адабиятынан Акан Нурматовдун “Куландын ажалы” романы

1296256
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-64

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун азыркы казак адабиятынын өкүлү, белгилүү жазуучу Акан Нурматовдун өмүр-баянынан, анын чыгармачылыгынан жана “Куландын ажалы” аттуу романынан кеп салабыз.

                    Кадырлуу окурмандар, өзүнүн жеке таланты менен алтымышынчы жылдары казак адабиятынын чөйрөсүндө өзгөчө таанылаган белгилүү жазуучулардын бири – Акан Нурматов болуп саналат. Ал өзүнө гана тийиштүү жазуу стили менен таанылып, маңдайына жазылган аз өмүрүндө укмуштай элестүү чыгармаларын калтырып кеткен улуу адам.

Акан Нурматов 1933-жылы Алматы облусунун Аксу деген айылында жарык дүйнөгө келген. 1957-жылы Киров атындагы Казак Улуттук университетинин филологиялык факультетин аяктаган. 1957-1964-жылдары “Социалисттик чарба”, “Коммунизм таңы” жана “Ленинчил жаш” гезиттеринде иштеген. 1964-1968-жылдары “Жылдыз” журналынын бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн. Анын алгачкы чыгармалар жыйнагы 1964-жылы “Кутмандуу таң” деген ат менен чыгып, анда айыл жашоосу жана айылдагы жаштардын турмушу жөнүндө жазган. Бир жылдан кийин окурмандар жазуучунун “Аккуу жылдызы” аттуу повести менен таанышкан. Бул чыгармасында чабандардын катаал жашоосу, боорукерлик менен заалимдик, адамдардын бири-бири менен болгон мамилеси сүрөттөлгөн. Акан Нурматовдун эң белгилүү чыгарамаларынын бири “Куландын ажалы” романы деп айтууга болот. Анткени “Куландын ажалы” романы казак адабиятында көп окулган чыгармалардын бири болуп, жазуучунун өлүмүнөн кийин дагы бир топ жолу басылып чыккан. Акан Нурматовдун бул чыгармасы казак окурмандары арасында эле эмес чет элдерде дагы таанымал. Ал орус, арап жана башка тилдерге которулуп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Акан Нурматов кырчындай 35 жашында ажал тооруп 1968-жылы көз жумган  Акан Нурматовдун “Куландын ажалы” романы 1969-жылы жарыкка чыккан. Чыгармада эски доор менен жаңы доордун тогошоор учурундагы адамдардын психологиясындагы кескин өзгөрүү сүрөттөлгөн. Чыгарманын негизги окуясында совет доорунун курулушу учурунда Кулан баатырдын тагдыры баяндалат. Чыгарманын каарманы Кулан баатыр учурунда көзгө атаар мергенчи, легендарлуу баатыр болуп Кейки аттуу баатырдын досу болгон. Романда каргашалуу 1916-жылдагы үркүн сүрөттөлгөн. Кулан баатыр боштондук үчүн күрөшкө Торгой аймагында Кейки баатырдын жетекчилиги астында катышкан. Бирок жеңилүүгө учурап, адилетсиздиктен качып эли-жеринен алыстайт. Ал убагында күчтүү баатырдын качып жашаган жашоосуна жана муну башына алып келген жаңы бийликке нааразы болот. Алгач совет бийлигине жардамдашып күрөшсө дагы адилетсиздикке учураган баатыр, кийин Көктөбет каракчыларына кошулуп кетет. Элдин, коомчулуктун жашоосунан артта калып, караңгылыгы баатырды чөгөрөт. Кийин баатыр наамы калып айылында карапайым жашап калган Кулан баатырдын трагедиялуу баяны бул чыгармада мыкты сүрөттөлгөн. Жазуучу урпак алдындагы парзынан кутулуп, Кулан баатыр аркылуу казак элинин үрп-адатын, каада-салтынын унутулбай эскерилип турушуна көмөктөшкөн. Кыскача айтканда, жазуучунун чыгармасынын башында Куландын үмүтү менен күдүк оюна, өкүнүч менен ишеним ээрчиткен сезимдерине, иш-аракеттерине, өлкөнүн келечегине, элинин көз карандысыз жашоосу үчүн курман болгон баатырдын тагдырына терең үңүлүп, улуттук көркөм сөз өнөрүндө психологиялык катмар менен философиялык түшүнүктү жууруп келечек окурмандарына мыкты белек калтырып кеткен десек жаңылышпайбыз.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда азыркы казак адабиятынын белгилүү жазуучусу Акан Нурматовдун чыгармачылыгына күбө болдуңуздар. Анын “Куландын ажалы” аттуу тарыхый романы бир топ тилде басылып чыккан. Эгерде толук маалымат алгыңыздар келсе орус тилинде жана эне тилинде окуй аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар