Эрсин Татар : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркия жана Азербайжан күч бирдикте болушу керек"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын   Кирения шаарында Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы орток педиатрия окуу жыйы ачылды.

2130097
Эрсин Татар : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркия жана Азербайжан күч бирдикте болушу керек"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгынын маанилүү экенин белгилеп : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркия жана Азербайжан медицинада күч бирдикте болушу керек",-  деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын   Кирения шаарында өткөрүлгөн Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы орток педиатрия окуу жыйынынын ачылышында сөз сүйлөгөн Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын үнүн дүйнөгө угузуу жана медицина тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жагынан жолугушуунун маанисине көңүл бурду.

Татар өлкөсүнө Түркия менен бирге Азербайжандан да дарыгерлердин келе башташынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  саламаттыкты сактоо тармагында өнүгүшүнө салым кошорун белгилеп : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркия жана Азербайжан медицинада күч бирдикте болушу керек. Үч өлкө потенциалдарын карап чыгышы керек. Медицина тармагында пикир алышуу жана кызматташуунун түзүлүшү түрк дүйнөсүнө чоң пайда алып келет деп ойлоймун",- деди. 

 



Тектеш кабарлар