Армения 4 айылын Азербайжанга кайтарууну кабыл алды

Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын жетекчилигинде эки өлкөнүн чек арасында чек араны аныктоо комиссияларынын 8-жыйыны өттү.

2130147
Армения  4 айылын Азербайжанга кайтарууну кабыл алды

Армения 1 -  Карабах согушунда басып алган  4 айылын Азербайжанга кайтарууну кабыл алды. 

Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын жетекчилигинде эки өлкөнүн чек арасында чек араны аныктоо комиссияларынын 8-жыйыны өттү.

Азербайжан тараптан жолугушууга байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта комиссиялардын кээ бир темаларда макулдашууга жетишкени белгиленди. Келишим боюнча Азербайжандын Газах облусунун чек ара советтер союзу тарап жаткан мезгилдеги чек арага ылайык белгиленет.

Линия Баганис (Армения)-Баганис Айрым (Азербайжан), Воскепар (Армения)-Ашагы Эскипара (Азербайжан), Киранц (Армения)-Хейримли (Азербайжан) жана Беркабер (Армения)-Кызылхажылы (Азербайжан) айылдарынын ортосунан өтөт.

Бул абал Армениянын  1 -  Карабах согушунда басып алган Баганис Айры, Ашагы Эскипара, Хейремли жана Кызылхажылы айылдарын Азербайжанга кайтарып берет деген мааниге келүүдө. 

Сөз болуп жаткан аймактагы чек ара сызыгынын координаттары протоколго айланып, 15 - майга чейин кол коюлат.

Сүйлөшүүдө тараптар комиссиялардын  биргелешкен иш-аракеттери жөнүндө жобонун долбоорун 2024 - жылдын 1-июлуна чейин даярдоо боюнча  макулдашты.

Ошол эле учурда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде X социалдык медиа платформасында маселеге байланыштуу маалымат берип : "Узун убакыттан бери түтүлүп жаткан тарыхый окуя. Армения 1990 - жылдардын башынан бери Азербайжандын басып алган 4 айылын кайтарууну кабыл алды",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар