Түндүк Кипр Түрк Республикасынын сүйлөшүү шарты "теңдик эгемендүүлүк"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу аралда жаңы сүйлөшүүнүн башталышы үчүн Кипр түрк элинин эгемендигинин кабыл алынышы керектигин айтты.

2130007
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын сүйлөшүү шарты  "теңдик эгемендүүлүк"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу аралда жаңы сүйлөшүүнүн башталышы үчүн Кипр түрк элинин эгемендигинин кабыл алынышы керектигин айтты.

Тахсин Эртугрулоглу Түркиянын радио жана телеберүү мекемеси ТРТга билдирүү жасады.

Кипрде жаңы сүйлөшүү процесси үчүн жаратман көз караштын ортого салынышы керектигин белгилеген Эртугрулоглу, аралдагы эки коомчулуктун болушун жана тең укуктуулуктун кабыл алынышын суранды.

Сүйлөшүүлөрдө орток пикирдин жок экенин баса белгилеген Эртугрулоглу : "Бүткүл дүйнө орток деген нерсе жок экенин билет. Орток пикирдин жоктугунун бирден-бир себеби, грек тараптын Кипр Республикасы деп аталышы жана түрк тарабынын да бир коом катары мамилени көрүшү»,- деди.  

«Эки эгемендүү, тең укуктуу мамлекет катары столго отура алат»,- деген Эртугрулоглу Кипр тууралуу  60 жылдан бери сүйлөшүлбөгөн теманын калбагандыгын айтты.

ТКТР тышкы иштер министри : "Кипрдик гректер ийгиликсиз болгону далилденген бир форматты, процессти кайра бекитишибизди жана ийгиликке эч кандай мүмкүнчүлүгү жок сүйлөшүү процессин баштообузду каалап жатат Бул тууралуу сөз болушу мүмүкн эмес",-  деди.

 



Тектеш кабарлар