Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Хисаржыклыоглу Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык интеграциянын күчтөндүрүлүшү керектигине көңүл бурду.

2129461
Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Түрк дүйнөсүнөн 400дөн ашуун ишкер айым Стамбулда жолугушту.

Түрк дүйнөсүнөн 400дөн ашуун ишкер аял менен Түркиянын Соода жана өнөр жай палаталары биримдигинин Ишкер аялдар комитетине мүчө 8 өлкөнүн өкүлдөрү чогулган «Бизнес форум жана B2B Networking иш-чарасы» Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен Стамбул соода палатасынын (ITO) төрагасы Шекиб Авдагичтин катышуусунда өткөрүлдү.

ITOдо өткөрүлгөн иш-чарада Хисаржыклыоглу Түрк Мамлекеттер Уюмун түзгөн Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия менен байкоочу мүчөлөр Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Венгрия жана Түркмөнстандын болжол менен 1,5 триллион долларлык экономикалык чоңдукка, 1 триллион долларлык тышкы соода көлөмүнө жана 185 миллион калкка ээ экенине көңүл бурду.

Хисаржыклыоглу: «Бул сандар эле биз чогулганыбызда кантип чоң глобалдык күч боло аларыбызды көрсөтөт»,-деди.

Хисаржыклыоглу Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык интеграциянын күчтөндүрүлүшү керектигине басым жасады.

Стамбул Соода палатасынын төрагасы Шекиб Авдагич да Түрк иш дүйнөсү катары 21-кылымды Түрк кылымы кылуу идеалы менен иштеп жатышканын белгилеп: «Түрк кылымынын максатына түрк ишкер аялдары менен гана жете турганыбызды абдан жакшы билебиз»,-деген баасын берди.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан да Түрк мамлекеттериндеги ишкер аялдардын улуттардын келечегин калыптандырууда жана маданий мурастарды байытууда абдан маанилүү роль ойногонун баса белгиледи.

Кипр Түрк Соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Тургай Дениз да, ишкер аялдар менен бирге болуу, ойлонуу жана иш-аракет кылуу алардын эң чоң күч булагы экенин айтты.

Түркия Инвестиция Фондунун төрагасы Багдад Амреев да экономиканын күчтүү жана жакшы болушунда ишкер аялдардын чоң роль ойногондугун билдирип, өлкөлөрдүн узак мөөнөттө өсүүсүн улантуусу үчүн аялдардын экономикага активдүү катышуусунун маанисине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар