Азербайжан: «Армения чек арага аскер топтоп жатат»

Азербайжандын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Армения армиясынын акыркы мезгилде эки өлкөнүн чек арасынын ар кайсы аймактарында кызуу кыймылдары жана аскердик топтоосу байкалганы билдирилди.

2122570
Азербайжан: «Армения чек арага аскер топтоп жатат»

Азербайжан Армения армиясынын чек арага аскердик күчтөрүн жыйып жатканын жарыялады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Армения армиясынын акыркы мезгилде эки өлкөнүн чек арасынын ар кайсы аймактарында кызуу кыймылдары жана аскердик топтоосу байкалганы билдирилди.

Билдирүүдө Арменияда Азербайжанды согуш менен коркуткан өч алгыч күчтөр активдешип, агрессивдүү риторика жана чагымчыл кабарлардын көбөйгөнүнө көңүл бурулду.

Анда, «Армян армиясынын ар кандай аскердик провокация аракетине Азербайжан армиясы тарабынан чечкиндүү түрдө бөгөт коюлат. Биз кырдаалдын курчушу жана мүмкүн болуучу провокациялар үчүн бардык жоопкерчилик толугу менен Арменияга жана анын колдоочуларына таандык болорун дагы бир жолу билдиребиз»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар