Казакстан жарандарын Одесса жана Харьковдон чыгып кетүүгө чакырды

Жарандардын бул өлкөлөргө барып, ал жерден тарифтүү учактар менен Казакстанга баруулары сунушкылынууда. Элчилик Польша аркылуу кайта турган болсо Шенген визасынын керек экендиги боюнча эскертти.

2122211
Казакстан жарандарын Одесса жана Харьковдон чыгып кетүүгө чакырды

Казакстандын Киевдеги элчилиги өз жарандарын чыңалуу жана туруксуздук күчөгөн Украинанын Одесса жана Харьков облустарынан чыгып кетүүгө чакырды. Казакстандын тышкы өкүлчүлүгү  Украинадан Казакстанга Польша жана Молдова аркылуу кайтуу үчүн эки жолдун бар экендигин билдирди.

Жарандардын бул өлкөлөргө барып, ал жерден тарифтүү учактар менен Казакстанга баруулары сунушкылынууда. Элчилик Польша аркылуу кайта турган болсо Шенген визасынын керек экендиги боюнча эскертти. 

Молдова аркылуу кайтууда  виза талап кылынбайт. Кошумчалай кетсек, Казакстандын элчилиги өз жарандарына абадан жасалган чабуулдун сигналдарын унутпоо жана  кооптуу учурда тез арада баш калкалоочу жай издөөнү сунуштайт.

Казакстан башкаруусу жарандарын Украинада чыгып кетүү үчүн Россия   - Украина согушу башталгандан бери өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырууда. 

Элчилик Украинадан кетүүнү каалаган жарандарына керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия жакынкы айларда чоң чабуул жасай турганын айткан.

Россиянын президенти президенти Владимир Путин март айынын  ортосунда Россиянын Харьков облусунда “санитардык аймак” түзүүнү пландап жатканын билдирген.

Путин бул аймактын Россиянын Белгород аймагын кол салуулардан коргоо үчүн зарыл экенин айткан. Орус лидеринин билдирүүсү Белгород, Брянск жана Курск облустарына жасалган чабуулдардан жана Украина тарапта согушуп жаткан орус ыктыярдуу корпусунун диверсанттарынын Россияга кирүү аракеттери күчөгөндөн кийин жасалды.

 



Тектеш кабарлар