Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Энтони Блинкен менен жолугушту

Вашингтондо жолугушкан Нуртлеу менен Блинкен эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода, экономикалык жана гуманитардык тармактарда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү процессин сүйлөшүштү.

2121070
Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу  Энтони Блинкен менен жолугушту

Казакстандын вице  - премьер - министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу расмий сапар менен барган Америка Кошмо Штаттарында тышкы иштер министри Энтони Блинкен менен жолугушту.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда борбор шаар Вашингтондо жолугушкан Нуртлеу менен Блинкен эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода, экономикалык жана гуманитардык тармактарда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү процессин сүйлөшүштү.

Жолугушууда Нуртлеу Казакстандын тең салмактуу тышкы саясатын баса белгилеп, АКШнын алдыңкы технологияларын тартуу менен өлкөсүнүн транспорттук, логистика, инфраструктура, соода жана инвестициялык потенциалын жогорулатууга жана эки тараптуу бизнес байланыштарын чыңдоого маани беришкенин билдирди.

Нуртлеу өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 33 пайызга өсүп 4 миллиард долларга жеткенин, бул алкакта өз ара пайдалуу соода карым-катнаштарды өнүктүрүүнү үмүт кылгандарын айтты.

Блинкен ошондой эле Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаевге өлкөсүндө фундаменталдуу реформаларды ишке ашыруу үчүн колдон келген жардамды берүүгө даяр экенин белгиледи.

Энтони Блинкен АКШнын бир нече глобалдык маселеде  Казакстандын чыныгы лидерлигин тааный турганын билдирди.

Өлкөлөр ортосундагы энергетикалык коопсуздук, маанилүү кен байлыктар, климат жана тынчтыкты сактоо сыяктуу тармактарда кызматташууну кубаттаганын белгилеген тараптар «С5+1» форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен АКШ) форматындагы диалогдун кеңейтилиши  жана өткөн жылы аталган форматтын алкагында Нью  -  Йоркто ишке ашырылган  лидерлердин саммитинде түзүлгөн  макулдашуулардын аткарылышына баа берди.

 

 



Тектеш кабарлар