ТКТР Москвадагы концерттик залда болгон террордук кол салууну катуу айыптады

ТКТР Тышкы иштер министрлиги Москвадагы террордук кол салууга байланыштуу билдирүү таратты.

2119495
ТКТР Москвадагы концерттик залда болгон террордук кол салууну катуу айыптады

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Орусиянын борбор шаары Москвада концерттик залда болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

ТКТР Тышкы иштер министрлиги Москвадагы террордук кол салууга байланыштуу билдирүү таратты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 22-март күнү кечинде концерттик залда болгон террордук кол салууну айыптаган билдирүүдө: «Дүйнөнүн бардык жеринде жарандарга багытталган ар кандай зомбулукту жана террордук кол салууларды катуу айыптайбыз жана бул оор кол салуудан жапа чеккен Орусия элине чын жүрөктөн көңүл айтабыз жана жаралуулардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,- деп айтылды.

Бир тараптан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар социалдык медиа платформасында жарыялаган билдирүүсүндө Москвада жүздөн ашуун карапайым адамдын өмүрүн алган жана жүздөн ашууну жараланган террордук кол салууну айыптап, орус элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөөрүн бидирди.

22-март күнү кечинде Орусиянын борбору Москва шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында куралчан адамдар тарабынан террордук кол салуу болду.

Кол салгандар залда автоматтык куралдан туш келди ок чыгарышкан.

Концерттик зал жайгашкан имараттын чатырынан өрт чыгып, чатыры бир аздан кийин кулап түшкөн.

Кол салууда 133 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти террордук уюм ДЕАШ өзүнө алды.

Кол салууну уюштурган 4 террорист менен кошо 11 киши кармалды.



Тектеш кабарлар