Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Түркмөнстанда жолугушту

Аксакалдар кеңешинин жыйынына Түркиянын атынан Кеңештин төрагасы Бинали Йылдырым катышты.

2114473
Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Түркмөнстанда жолугушту
turk devletleri aksakallar konseyi.jpg
turk devletleri aksakallar konseyi.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Түркмөнстанда жолугушту.

Борбор калаа Ашхабаддагы жолугушууда глобалдык жана аймактык маселелер менен тилектештикти чыңдоо максаттары талкууланды.

Аксакалдар кеңешинин жыйынына Түркиянын атынан Кеңештин төрагасы Бинали Йылдырым катышты.

Жыйынга Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриядан аксакалдар катышты.

Кеңештин төрагасы Бинали Йылдырым жыйындан кийин согуштар жана кагылышуулар болуп жаткан дүйнөдө уюмдун маанисин түшүндүрдү.

Бинали Йылдырым: «Түрк Мамлекеттер Уюмунун максаты аймактагы эч кимди коркутуу эмес, ошондой эле эч кимден коркпогондугун да көрсөтүү болуп саналат. Биздин максатыбыз тынчтыкты чыңдоо. Анткени Украина-Орусия согушу жүрүп жатат. Израилдин кылган геноциди бар. Уюм катары аймактагы баш аламандыктарды токтотуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деди.

Жибек Жолунун маанисинин күн санап артып баратканына да басым жасаган Бинали Йылдырым: «Жибек Жолунун багыты түз жана кыйыр түрдө 60 өлкөгө тиешелүү жана дүйнөнүн улуттук кирешесинин 65 пайызын камтыйт. Түрк инвестициялык фонду түзүлдү, бул инвестициялык фонддун башкы кеңсеси Стамбулда. Бул жердеги ресурстар менен түрк мамлекеттериндеги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлүшү максатталууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар