Аксакалдар кеңешинин жыйыны Ашхабадда өтөт

Түрк Мамлекеттери Уюмунун аксакалдары 15-жолу чогулуп жатышат.

2113583
Аксакалдар кеңешинин жыйыны Ашхабадда өтөт

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин жыйыны 12-мартта Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өтөт.

Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн аксакалдары (кеңешчилери) катыша турган жыйында Түркияны кеңештин төрагасы Бинали Йылдырым өкүлдүк кылат.

Жыйында буга чейин кабыл алынган чечимдер талкууланып, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун жолдору изделмекчи.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун аксакалдары 15-жолу чогулуп жатышат.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов конокторду эң жогорку деңгээлде тосуп алуу боюнча жарлык чыгарды.

Түркмөнстандын улуттук лидери жана аксакалы Гурбангули Бердымухамедов тарабынан тосулуп алына турган аксакалдарга расмий ифтар тамагы берилип, Курани Карим окулат.

Кеңештин жыйынына уюмдун негизги мүчөсү Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен байкоочу өлкө Венгрия жиберген аксакалдар катышат.



Тектеш кабарлар