Казакстанда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Жер титирөө Кыргызстандын борбору Бишкекте да сезилди.

2110565
Казакстанда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Казакстандын түштүгүндөгү Алматы шаарына жакын жерде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмикалык станция борборунун билдирүүсүнө караганда, очогу Алматыдан 31 чакырым түштүктө болгон 6,1 баллдык жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:22де катталды.

Шаарда жер силкинүү учурунда сиреналар жаңырды.

Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдирүүсүндө, көчөгө чуркап чыгышкан шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Билдирүүдө адам өлүмү катталбаганы, келтирилген зыян тууралуу маалымат чогултуу аракеттеринин уланып жатканы айтылды.

Жер титирөө Кыргызстандын борбору Бишкекте да сезилди.



Тектеш кабарлар