Эрсин Татар чоң мамлекеттердин эки жүздүүлүгүнө каршылык көрсөттү

Эрсин Татарга Анадолу агенттигинин Израилдин Газада адамзатка каршы кылмыштарын документ мүнөзүндөгү  сүрөттөр менен ачып берген "Каныт" башкача айтканда "Далил" аттуу китеби тапшырылды.

2109966
Эрсин Татар чоң мамлекеттердин эки жүздүүлүгүнө каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Израилдин Газадагы кыргындары тууралуу айрым чоң мамлекеттердин эки жүздүүлүгүнө каршылык көрсөттү. 

Антальяга келген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татарга Анадолу агенттигинин Израилдин Газада адамзатка каршы кылмыштарын документ мүнөзүндөгү  сүрөттөр менен ачып берген "Каныт" башкача айтканда "Далил" аттуу китеби тапшырылды.

Китептеги фотосүрөттөрдү жана маалыматтарды изилдеген Татар, китепти көргөндөн кийин Израилдин Газада жасаган кыргын жана мыкаачылыгына дагы бир жолу таң калганын айтты.

Татар Израилдин Газада жардам алуу үчүн кезекте туган жарандарга карата кол салуусун айыптап Газада 30 миңден ашуун кишинин өлтүрүлүшүнүн "кабыл алынгыс" экендигин белгиледи. 

Татар Газага байланыштуу «кош стандарттарга» күбө болгондорун айтып : "Газадагы кыргынды эске алганда,  дүйнөдөгү кээ бир чоң мамлекеттердин эки жүздүүлүгүн,  кош стандарттарга ээ экенин,   өз кызыкчылыктары үчүн  бир муунду жок кылуу үчүн бардыгын жасай аларын көрдүк. Ушундан улам  дүйнөнүн келечеги үчүн тынчсызданып жатам",- деди. 



Тектеш кабарлар