Кыргызстан менен Монголиянын парламенттери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаа Бишкекке расмий иш сапары менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) Төрагасы  Занданшатар Гомбожав менен жолугушту.

2108098
Кыргызстан менен Монголиянын парламенттери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Монголиянын парламенттери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаа Бишкекке расмий иш сапары менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) Төрагасы  Занданшатар Гомбожав менен жолугушту.

Шакиев жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө кыргыз жана монгол элдерин бир гана социалдык-экономикалык кызматташтык эмес, ошондой эле көп кылымдык көчмөн турмуштан келе жаткан тарыхый жана маданий байланыштар да байланыштырып турганын билдирди.

Акыркы жылдарда эки тараптуу карым-катнаштар динамикалык түрдө өнүгүп жатканын эске салган Шакиев, парламенттер аралык диалогдун жана парламенттик дипломатиянын тереңдетилишинин маанисине басым жасады.

Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожав да Кыргызстан менен соода, туризм жана билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү кааларын баса белгиледи.

Гомбожав Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиевди быйыл Монголияда өтө турган «Транс-Алтай туруктуулук диалогу» форумуна чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Шакиев менен Гомбожав Кыргызстан менен Монголиянын парламенттеринин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюшту.



Тектеш кабарлар