Армения чек арада Азербайжан позицияларына ок атты

Чек арадагы кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн азербайжандык аскерлер жооп кайтарган жок.

2106682
Армения чек арада Азербайжан позицияларына ок атты

Азербайжандын Коргоо министрлиги, армян аскерлеринин Келбежер облусунун Йеллиже айылындагы азербайжандык позицияларга ок чыгарганын жарыялады.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Басаргечер облусунун Жогорку Шоржа айылындагы армян позицияларынын Йеллиже айылындагы Азербайжан позицияларына ок атканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Чек арадагы кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн азербайжандык аскерлер жооп кайтарган жок. Армениянын аскердик администрациясын, чек арада акыркы 5 айда болгон ырааттуулукту жана кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууга багытталган провокацияларга жол бербөөгө чакырабыз. Бул кыймылдардын жооптуулары аныкталып, жазаланышын талап кылабыз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар