Казакстандагы ызгаардуу суук

Өлкөдө абанын температурасы минус 35-38 градуска чейин төмөндөдү.

2103520
Казакстандагы ызгаардуу суук

Казакстандагы ызгаардуу сууктан улам борбор шаар Астана баш болгон көптөгөн аймактарда мектептер аралыктан билим берүүгө өттү.

Абанын температурасы минус 35-38 градуска чейин төмөндөгөн өлкөдө катуу суук уланууда.

Борбор шаар Астана баш болгон Актөбө, Караганды, Көкшетау, Костанай, Петропавл, Кызылорда, Семей, Павлодар жана Экибастуз шаарларындагы университеттерден башка бардык мектептер кийинки билдирүүгө чейин онлайн окутууга өттү.

Кыштын катаал шарттары өлкөнүн бардык жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизүүдө.

Чыгыштагы Абай облусунда катуу бороондун себебинен 100гө жакын унаа жолдо калып калды.

Унаалардагы 29 аял жана балдар тик учак менен эвакуацияланды.

Казакстандын калкы жыш жайгашкан шаары Алматыда кардын калыңдыгы 7 сантиметрге жетти.

Air Astana улуттук авиакомпаниясы кардан жана коюу тумандан улам Алматыдан учкан каттамдардын кармалышы мүмкүн экенин билдирди.

Алматы-Бишкек эл аралык авто жолу да кыймылга убактылуу жабылды.

Ызгаардуу суук аба ырайынын келерки жуманын аягына чейин өлкө боюнча таасирдүү болоору айтылды.



Тектеш кабарлар