Азербайжан жооп кайтаруу операциясын жүргүздү

Азербайжан Армения тарабынан атылган октон улам чек арада күзөттө турган бир аскердин жаралануусу менен «жооп кайтаруу операциясын» жүргүздү.

2101657
Азербайжан жооп кайтаруу операциясын жүргүздү

 Азербайжан Армения тарабынан атылган октон улам чек арада күзөттө турган бир аскердин жаралануусуна «жооп кайтаруу операциясын» жүргүздү.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматта, кечээки Армениянын провокацияларына жооп ирээтинде чек арачылардын операция жүргүзгөндүгү билдирилди.  Билдирүүдө Азербайжан аскерлерине ок атылган позициянын толугу менен жардырылгандыгы, Армения аскерлеринин арасында жоготуулардын болгону белгиленди.

Армениянын провокацияларына мындан ары дагы олуттуу жана чечкиндүү чаралар менен жооп берилери баса белгиленген билдирүүдө окуянын жоопкерчилигинин Армениянын аскердик жана саясий башкаруучулугунда экени айтылды.

Армениянын Коргоо министрлигинен берилген билдирүүдө Азербайжандын жооп кайтаруу операциясында алгачкы жыйынтыктарга караганда эки аскердин каза болгондугу маалымдалды.

Кечээ Зенгилан облусунун Коллукышлак айылы багытында Азербайжан позицияларына, Кафан облусунун Неркин-Анд айылы багытында армяндардын позицияларынан ок атылып, бир азербайжан аскери жарадар болгон.



Тектеш кабарлар