Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаш тартыштуу чек ара боюнча келишим түзүлдү

Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитети менен Топографиялык жумушчу тобунун башчысы   Ориф Хожазаде борбор шаар Душанбеде өткөргөн  пресс  - жыйынында өлкөсү менен Кыргызстандын ортосундагы талаштуу чек ара боюнча маалымат берди.

2100168
Кыргызстан  менен Тажикстандын ортосундагы талаш тартыштуу чек ара боюнча келишим түзүлдү

Тажикстан менен Кыргызстан  2023 -  жылы талаш  - тартыштуу чек аранын  169, 48 чакырымы боюнча келишкен.

Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитети менен Топографиялык жумушчу тобунун башчысы   Ориф Хожазаде борбор шаар Душанбеде өткөргөн  пресс  - жыйынында өлкөсү менен Кыргызстандын ортосундагы талаштуу чек ара боюнча маалымат берди.

Хожазаде :  "2023 - жылы Тажикстан менен Кыргызстандын топографиялык жумушчу топтору 15 жыйын өткөрдү жана жыйынтыгында 169,48 чакырымдык мамлекеттик чек ара сызыгы аныкталды. Ушул күнгө чейин жалпы   889,45 чакырымдык тажик  - кыргыз мамлекеттик чек ара белгиленди",- деди. 

Ушул кезге чейин аныкталган орток чек аранын Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы чек аранын 90 пайызга жакынын түзгөндүгүн белгилеген Хожазаде маселенин эртерээк чечилишин каалагандарын да сөзүнө кошту.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы  972 чакырымдык орток чек аранын ушул кезге чейин  90 пайызына туура келген  889,45 чакырымдык бөлүгү боюнча келишим түзүлүп, акыркы жолу  30 -  январь жана  5 -  февраль күндөрү Баткен шаарында жолугушкан тараптар чек аранын  3,  71 чакырымы боюнча да келишим түзүп протоколго кол коюшту.

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара чатагынан улам кээ кээде чыңалуу жана кагылышуулар ​​чыгып, акыркы жолу 2022 -  жылдын 14 - сентябрында кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон адам каза болгон.

 



Тектеш кабарлар