Илхам Алиев кечээ болгон шайлоонун өзгөчө тарыхый мааниге ээ экендигин айтты

Алиев шалоону байкоо үчүн Азербайжандагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин секретары Сергей Лебедевди кабыл алды.

2099713
Илхам Алиев кечээ болгон шайлоонун өзгөчө тарыхый мааниге ээ экендигин айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кечээ болгон жана өлкөнүн бардык жерлерин камтыган президенттик шайлоонун Азербайжан калкы үчүн өзгөчө тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.

Алиев шалоону байкоо үчүн Азербайжандагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин секретары Сергей Лебедевди кабыл алды.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда, Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө кечээки шайлоонун биринчи жолу өлкөнүн бүт аймагын камтыганына көңүл буруп, Ханкенди, Шуша жана башка бардык аймактарда шайлоонун өткөрүлүшүнүн Азербайжан калкы үчүн өзгөчө тарыхый  мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Алиев мажбурлоо менен жер которгондордун бир бөлүгүнүн туулган жерлерине кайткандыгын, Улуу кайтуу программасы деп мүнөздөгөн бул процесстин биринчи этабынын 2026 - жылы аяктай тургандыгын айтты.

Азербайжандыктар  өлкөнү  7 жыл башкара турган  жаңы президентин шайлоо үчүн кечээ добуш берди.

Армениянын оккупациясынан куткарылган аймактарда да үкөктөр курулуп, ушундайча биринчи жолу Азербайжандын бардык жерлеринде шайлоо өткөрүлдү.

Карабахтын символ шаары Шушада бир кездерде жикчил армян башкаруусу “борбор” катары колдонгон Ханкендиде, Хожалы, Хожавандде, Агдереде, Агдамда, Жебрайылда, Физулиде, Зангиланда, Губадлыда, Лачында жана Келбежерде шайлоочулар Азербайжандын президентин шайлоо үчүн добуш беришти.

4 миллион 971 миң шайлоочу добуш берген жана катышуу көрсөткүчү 76,73 пайыз болгон шайлоодо президент Илхам Алиев 92,1 пайыз добуш менен кайра шайланды.



Тектеш кабарлар