Азербайжанда президенттик шайлоо үчүн добуш берилүүдө

Шайлоочулар президенттикке кайрадан талапкер болгон президент Илхам Алиев да болгон  7 талапкердин арасынан Азербайжанды 7 жыл башкара турган жаңы президентин шайлоо үчүн добуш беришүүдө.

2098847
Азербайжанда президенттик шайлоо үчүн добуш берилүүдө

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо үчүн добуш берилүүдө.

Шайлоочулар президенттикке кайрадан талапкер болгон президент Илхам Алиев да болгон  7 талапкердин арасынан Азербайжанды 7 жыл башкара турган жаңы президентин шайлоо үчүн добуш беришүүдө. 

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталды. 

6,5 миллион шайлоочу катталган өлкөдө өлкө ичинде жана тышында  6 миң  500 үкөкө орнотулду. 

Азербайжандын армян оккупациясынан бошотулган аймактарында да үкөктөр орнотулду. Ушундайча  Азербайжандын бардык жерлеринде 30 жылдан кийин  биринчи жолу шайлоо өтүп жатат.

Карабахтын символдук шаары Шушада, бир кезде жикчил армян башкаруусу  “борбор” катары колдонгон Ханкендиде, Хожалы, Хожаванд, Агдере, Агдам, Жабраил, Физули, Зангиланда Губадлы, Лачинде жана Келбежерде 22 миңден ашуун шайлоочу президентти шайлоо үчүн добуш бере алат.

Чет өлкөдө жашаган Азербайжан жарандары жашаган өлкөлөрдөгү Азербайжан элчиликтерине орнотулган үкөктөрдө добуш бере алышат.

Шайлоого түрдүү эл аралык уюмдардан жана өлкөлөрдөн 800гө жакын чет элдик жана 90 миңге жакын жергиликтүү байкоочулар көз салууда. Шайлоого жергиликтүү басма сөздөн тышкары 200гө жакын чет элдик журналист да көз салууда.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.00дө аяктайт.

 



Тектеш кабарлар