Азербайжанда эртең президенттик шайлоо үчүн добуш берилет

Президент Илхам Алиев да кайрадан талапкер болгон шайлоодо 7 талапкер, 7 жылдык мезгилде өлкөнү башкаруу үчүн ат салышат.

2098341
Азербайжанда эртең президенттик шайлоо үчүн добуш берилет

Азербайжандык шайлоочулар эртең президенттик шайлоо үчүн добуш беришет.

Президент Илхам Алиев да кайрадан талапкер болгон шайлоодо 7 талапкер, 7 жылдык мезгилде өлкөнү башкаруу үчүн ат салышат.

Азербайжан Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенттик шайлоо үчүн қлкө ичи жана өлкө тышында  6 миң  537 үкөк орнотту.

Акыркы маалыматтарга караганда өлкөдө 6, 5 миллион катталган шайлоочу бар.

Өлкө тышында жашаган Азербайжан жарандары добуштарын жашаган өлкөлөрдөгү Азербайжан элчиликтеринде курулган үкөктөргө салышат.

Шайлоону түрдүү эл аралык уюм жана өлкөлөрдөн 800 чет элдик,  90 миң жергиликтүү байкоочу байкоого алат.

Жергиликтүү басма сөз менен бирге 200 чет элдик журналист да шайлоого көз салат.

Добуш берүү иштери жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталып  19:00дө аяктайт.

Шайлоодо Жаңы Азербайжан партиясынын талапкери учурдагы президент Алиев менен бирге Улуттук фронт партиясынын лидери Рази Нуруллаев, Чоң боштондук партиясынын лидери Фазыл Мустафа, Улуу Азербайжан партиясынын лидери Элшад Мусев, Бүтүн Азербайжан элдик фронту партиясынын лидери Кудрет Хасангулиев менен көз карандысыз талапкерлер Захид Оруч жана Фуат Алиев ат салышат.

 



Тектеш кабарлар